Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 3:1—8

3  Оо, Жахаба, душмандарым эмнеге мынчалык көбөйдү?+ Эмне үчүн мага көптөр каршы чыгып жатат?+  Алар менин жаным тууралуу: «Кудай аны куткарбайт»,— дешет+. (Села*)  Бирок сен, Жахаба, менин калканымсың+, Менин даңкымсың+. Сен башымды көтөртөсүң+.  Үнүмдү бийик чыгарып, Жахабаны чакырам, Ошондо ал мага ыйык тоосунан жооп берет+. (Села)  Мен болсо жатам, уктайм, Кайра ойгоном, анткени мени Жахаба колдойт+.  Он миңдегендер туш тарабыман курчап, Мага каршы чыгышса да, алардан коркпойм+.  Оо, Жахаба, ордуңан тур!+ Оо, Кудайым+, мени куткара көр!+ Бүт душмандарымдын жаагын сындыр+, Ыймансыздардын тишин талкала+.  Куткаруу Жахабадан келет+. Элиңе батаң тиет+. (Села) Башчыга*. Кыл аспаптар үчүн+. Дөөтүнүн ыры.

Шилтемелер

Еврей тилиндеги музыкалык термин. Так мааниси белгисиз.
Же: «Ырчылар менен музыканттарды башкарган дирижёрго».