Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

Тилди тандаңыз кыргыз

Забур 29:1—11

Дөөтүнүн ыры. 29  Жахабаны даңазалагыла, күчтүүлөрдүн уулдары,Жахабанын даңкын, күч-кубатын тааныгыла+.  Жахабага ысмына жарашыктуу даңк айткыла+.Жахабага ыйык кийимчен таазим кылгыла+.  Жахабанын үнү суулардын үстүнөн угулат+,Даңктуу Кудай+ күркүрөйт+.Жахаба көп суулардын үстүндө турат+.  Жахабанын үнү кубаттуу+,Жахабанын үнү улуу+.  Жахабанын үнү бал карагайларды сындырат,Ооба, Жахаба Лебанон* бал карагайларын сындырат+.  Аларды музоодой,Лебанон менен Сирионду+ жапайы букачарлардай так секиртет+.  Жахабанын үнү оттун жалыны менен чыгат+.  Жахабанын үнү чөлдү жабыркатат+,Жахаба Кадеш чөлүн+ жабыркатат.  Жахабанын үнү маралдарды толгоо тарттырат+,Токойлорду жылаңачтайт+.Анын ибадатканасында баары: «Кудайга даңк!» — дейт+. 10  Жахаба топон суунун* үстүндө отурат+,Жахаба падыша катары түбөлүккө отурат+. 11  Жахаба элине күч берет+.Жахаба элине тынчтык берип, батасын төгөт+.

Шилтемелер

Ливан.
Же: «асман океанынын».