Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 28:1—9

28  Оо, Жахаба, мен сени чакырам+. Оо, Аска-зоом, мени укпай койбо+, Унчукпай койбо+, Мен көргө түшө тургандардай болбоюн+.  Сени жардамга чакырып жалбарганымда, Ыйык жайыңдын төркү бөлмөсүнө+ колумду сунуп тиленгенимде+, зарлаган үнүмдү ук.  Мени ыймансыздар менен, кыянаттык кылгандар менен кошо жок кылба+, Алар жакындары менен досторчо сүйлөшөт+, бирок жүрөктөрүндө жамандык ойлошот+.  Аларга кылган иштерине+, Жасаган жамандыгына+, Колдору менен кылган иштерине жараша тиешесин бер+. Кылгандарын өздөрүнүн башына түшүр+.  Алар Жахабанын иш-аракеттерине+, Анын колунан бүткөн иштерге көңүл бурушпайт+. Кудай аларды ойрон кылат, кайра тургус кылат.  Жахаба даңкталсын, анткени ал зарлаган үнүмдү укту+.  Жахаба — күч-кубатым+, калканым+. Жүрөгүм ага таянат+, Андан жардам алгандыктан, жүрөгүм шаттанат+. Мен аны ырым менен даңазалайм+.  Жахаба — өз эли үчүн күч-кубат+, Майланганына улуу куткаруу берген чеп+.  Элиңди куткар, мурасыңа батаңды бер+, Аларды кайтарып, түбөлүккө көтөрүп жүр+. Дөөтүнүн ыры.

Шилтемелер