Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

Тилди тандаңыз кыргыз

Забур 27:1—14

Дөөтүнүн забуру. 27  Жахаба — менин жарыгым+, куткаруучум+,Кимден коркмок элем?+Жахаба — өмүрүмдүн чеби+,Ким үрөйүмдү учурмак эле?+  Душмандарым+, мага кастык кылган кыянатчылдарЭтимди тытып жеш үчүн жакындап келишкенде+,Өзүлөрү мүдүрүлүп жыгылышты+.  Аскерлер мага каршы чатырын тиксе да+,Жүрөгүм солк этпейт+.Мага каршы согуш ачышса да+,Ага таянам+.  Жахабадан бир нерсени сурап келгем+,Ошону көксөйм+:Жахабанын сулуулугун көрүш үчүн+,Ибадатканасын суктана караш үчүн+Өмүр бою Жахабанын үйүндө болгум келет+.  Ал мени башыма мүшкүл түшкөн күнү турагына жашырып калат+,Чатырына жашырат+,Бийик зоого чыгарат+.  Ошондо башым тегерегимдеги душмандарыман жогору көтөрүлөт+.Мен Жахабанын чатырында шаңдуу үн менен курмандык чалам+,Аны даңктап ырдайм+.  Оо, Жахаба, сени чакырганымда, үнүмдү ук+,Ырайым кылып, жооп бер+.  Жүрөгүм: «Менин жүзүмдү издегиле»+,— деген буйругуңду кайталап келет.Оо, Жахаба, сенин жүзүңдү издейм+.  Менден жүзүңдү жашырба+,Каарың кайнап жатканда кызматчыңан баш тартпа+.Мага жардамчы бол+,Куткаруучу Кудайым, мени четке какпа, таштаба+. 10  Мени ата-энем таштап кетсе да+,Жахаба кабыл алат+. 11  Мени өз жолуңан чыкпоого үйрөт, оо, Жахаба+,Чынчылдык жолунда алып жүр, душмандарыман корго, 12  Алардын колуна салып бербе+.Анткени мага каршы жалган күбөлөр+,Мыкаачы көтөрүлдү+. 13  Тирүүлөрдүн арасынан Жахабанын жакшылыгын көрөрүмө ишенбесем, эмне болмокмун?+ 14  Жахабага үмүт арт+, кайраттуу бол, жүрөгүң бекем болсун+.Ооба, Жахабага үмүт арт+.

Шилтемелер