Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 26:1—12

Дөөтүнүн забуру. 26  Оо, Жахаба, мага калыстык кыл+, анткени кынтыксыз жүргөм+. Эки анжы болбош үчүн, Жахаба, сага таянгам+.  Оо, Жахаба, мени текшерип, сынап көр+. Жан дүйнөмдү*, жүрөгүмдү тазала+.  Анткени сенин мээримдүүлүгүң көз алдымда, Мен сенин чындык жолуңан чыккан эмесмин+.  Жалганчылар менен бирге отурган эмесмин+, Өздөрүнүн ким экенин жашыргандарга кошулган эмесмин+.  Мен кыянатчылдардын тобун жек көрөм+, Ыймансыздар менен бирге отурбайм+.  Колумду айыпсыздык менен жууйм+, Сенин курмандык жайыңды айланып чыгам, оо, Жахаба+,  Ыраазычылыгымды үн чыгара билдирем+, Кереметтүү иштериңдин баарын жарыялайм+.  Жахаба, сен жашаган үйдү+, Даңкың турган жайды жакшы көрөм+.  Жанымды күнөөкөрлөр менен бирге+, Өмүрүмдү кан төккөндөр менен бирге кыйып таштаба+. 10  Алардын колу кыянаттыкка* малынган+, Оң колу парага толгон+. 11  Мен болсо мындан ары да кынтыксыз жүрөм+. Мени кун төлөп куткар+, мага ырайым кыл+. 12  Ошондо бутум түз жерде турат+, Жахабаны чоң жыйындарда алкайм+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «бөйрөктөрүмдү».
Сөзмө-сөз: «уятсыз жүрүм-турумга».