Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 25:1—22

25  Оо, Жахаба, жанымды сага сунам+. ב [Бет]  Оо, Кудайым, мен өзүңө таянам+, Мени уятка калтыра көрбө. Душмандарымдын мага үстөмдүк кылышына жол бербе+. ג [Гимел]  Ооба, сага үмүт арткандардын бири да уятка калбайт+. Митаамдык кылгандар ийгиликке жетпей шылдың болот+. ד [Далет]  Мага өз жолдоруңду көрсөт, оо, Жахаба+, Өз жолдоруңда жүрүүгө үйрөт+. ה [Хе]  Мага чындыгыңда жүрүүгө жардам бер, мени үйрөт+; Анткени сен куткаруучу Кудайымсың+. ו [Вав] Мен сага күнү бою үмүт артам+. ז [Зайин]  Оо, Жахаба, кайрымдуулугуңду+, мээримдүүлүгүңдү эстей көр+, Анткени сен аларды байыртадан эле көрсөтүп келатасың+. ח [Хет]  Жаш кезимдеги күнөөлөрүм менен кылмыштарымды эстебе+, Оо, Жахаба, жакшылыгың үчүн+ Мени боорукердигиң менен эсте+. ט [Тет]  Жахаба жакшы жана чынчыл+. Андыктан күнөөкөрлөрдү түз жолдо жүрүүгө үйрөтөт+. י [Йод]  Ал мүнөзү жумшактарга өзүнүн өкүмдөрүнө ылайык жүрүүгө жардам берет+, Аларды өзүнүн жолунда жүрүүгө үйрөтөт+. כ [Каф] 10  Жахабанын келишимин+ сактап, насааттарына+ карманышкандар үчүн Анын жолдорунун баары — мээримдүүлүк менен чындык. ל [Ламед] 11  Оо, Жахаба, өз ысмың үчүн мени кечир+, Анткени күнөөм чоң+. מ [Мем] 12  Ким Жахабадан коркот?+ Ал аны өзү тандаган жолдо жүрүүгө үйрөтөт+. נ [Нун] 13  Анын жаны жакшылыкка бөлөнөт+, Тукуму жерди мураска алат+. ס [Самех] 14  Жахаба Өзүнөн корккондор менен ынак мамиледе+, Аларга келишимин ачып берет+. ע [Айин] 15  Мен Жахабадан көзүмдү албайм+, Анткени ал бутумду тордон чыгарат+. פ [Пе] 16  Мага жүзүңдү бур, ырайым кыл+, Анткени мен жалгызсырап, кыйналып жатам+. צ [Цаде] 17  Жүрөгүмдүн кайгысы көбөйдү+. Мени кыйынчылыктарыман арылт+. ר [Реш] 18  Кыйналганыма, азап тартканыма көңүл бур+, Күнөөлөрүмдүн баарын кечир+. 19  Душмандарымдын көбөйгөнүн карачы+, Алар мени ушунчалык жек көрүшөт+. ש [Шин] 20  Жанымды корго, мени куткар+, Уятка калбайын, анткени сени баш маана кылып келем+. ת [Тав] 21  Мени кынтыксыздыгым менен чынчылдыгым коргосун+, Себеби мен өзүңө үмүт артам+. 22  Оо, Кудай, Ысрайылды бардык азаптарынан кун төлөп куткарып ал+. Дөөтүнүн забуру.

Шилтемелер