Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 24:1—10

Дөөтүнүн забуру. Ыр. 24  Жер жүзү жана андагынын баары+,Жер жана анда жашагандар Жахабага таандык+.  Анткени ал жерди деңиздердин үстүнө түптөгөн+,Дарыялардын үстүнө бек орноткон+.  Жахабанын тоосуна ким чыга алат+,Ыйык жайына ким кире алат?+  «Колу арамдалбаган, жүрөгү таза+,Жанымды эч нерсеге арзыбагандай көрбөгөн+,Жалган ант бербеген адам»+.  Ал Жахабанын батасын алат+,Куткаруучу Кудайдын алдында адил деп табылат+.  Оо, Жакыптын Кудайы, сени издегендердин,Сенин жүзүңдү издегендердин мууну ушундай+. (Села)  «Дарбазалар, башыңарды көтөргүлө+,Байыркы эшиктер, ордуңардан тургула+;Даңктуу Падыша кирсин!»+  «Ал даңктуу Падыша ким?»+«Күчтүү, кубаттуу Жахаба+,Майданда кубаттуу Жахаба»+.  «Дарбазалар, башыңарды көтөргүлө+,Байыркы эшиктер, ордуңардан тургула;Даңктуу Падыша кирсин!»+ 10  «Ал даңктуу Падыша ким?»«Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба. Ал — даңктуу Падыша»+. (Села)

Шилтемелер