Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 22:1—31

22  Кудайым, Кудайым, мени эмне үчүн таштап койдуң?+ Эмнеге мени куткарбайсың?+ Эмнеге кыйкырыгымды укпайсың?+  Оо, Кудайым, сени күндүз чакырсам да, жооп бербейсиң+. Түнкүсүн да үнүм басылбайт+.  Бирок сен ыйыксың+, Ысрайылдын даңктоосуна бөлөнгөнсүң+.  Ата-бабаларыбыз сага таянган+, Сага таянышкандыктан, аларды куткарып тургансың+.  Алар сени чакырып+, аман калышкан+, Сага таянып, уят болушкан эмес+.  Мен адам эмес эле куртмун+, Баарына күлкүмүн, элге жек көрүндүмүн+.  Мени көргөндөрдүн баары шакаба чегишет+, Ооздорун чоң ачып, баштарын чайкашат+.  «Жахабага таянчу эмес беле+, эми Ал сактап калсын!+ Ушунчалык эле жакшы көрсө, куткарып алсын!» — дешет+.  Сен мени энемдин курсагынан чыгаргансың+, Эмчектеги кезимде эле коргоп жүргөнсүң+. 10  Төрөлгөнүмөн тартып сенин колуңа тапшырылгам+, Энемдин курсагында жаткандан бери сен менин Кудайымсың+. 11  Менден алыстаба, анткени кырсык жакындап келатат+, Сенден башка жардамчым жок+. 12  Мени букачарлар курчап алды+, Башандын күчтүү букалары тегеректеп алды+. 13  Олжосун жара тартып жиберчү арылдаган арстандай болуп+, Алар мага тишин кайрап жатышат+. 14  Мен суудай төгүлдүм+, Сөөктөрүм бири-биринен ажырап калды+, Жүрөгүм момго айланды+, Ичимде балкып эриди+. 15  Дарманым кетип, карапанын сыныгындай какжырап калдым+, Тилим таңдайыма жабышты+, Сен мени өлүм оруна салдың+. 16  Мени душмандарым, иттердей болуп, тегеректеди+, Кыянатчылдардын тобу курчап алды+. Алар, арстандай болуп, колу-бутума тишин салып жатышат+. 17  Сөөгүмдүн баары саналгыдай болуп калды+. Душмандарым мени карап, көздөрүн албай тиктеп турушат+. 18  Алар кийимимди өз ара бөлүп жатышат+, Кийимим үчүн өкчөмө таш ыргытып жатышат+. 19  Оо, Жахаба, менден алыстаба+, Оо, күч-кубатым+, жардамга шашыл+. 20  Жанымды кылычтан куткар+, Жалгыз өмүрүмдү жапайы иттен сакта+. 21  Мени арстандын азуусунан сакта+, Мага жооп бер, жапайы буканын мүйүзүнөн сакта+. 22  Мен болсо сенин ысмыңды бир туугандарыма+ жарыялайм+, Жыйналышта сени даңктап ырдайм+. 23  Жахабадан корккондор, Аны мактагыла!+ Жакыптын бардык урпактары, Аны даңктагыла!+ Ысрайылдын бардык урпактары, Анын алдында сестенгиле!+ 24  Анткени ал кыйналгандын азап-кайгысына кайдыгер караган жок+, Андан жийиркенген жок+, Жүзүн жашырган жок+, Жардамга чакырганда, үнүн укту+. 25  Сени чоң жыйналышта даңктайм+, Берген анттарымды сенден корккондордун алдында аткарам+. 26  Мүнөзү жумшактар ичип-жеп, тоюнушат+, Жахабаны издегендер аны даңкташат+. Алардын жүрөгү түбөлүк соксун+. 27  Жердин булуң-бурчундагылар Жахабаны эстеп, ага кайтып келет+. Бардык элдердин уруулары сага таазим кылат+. 28  Анткени Жахаба — Падыша+, Ал элдерди башкарат+. 29  Жер жүзүндөгү байлардын баары тойлошот, таазим кылышат+, Топуракка жата тургандардын баары Анын алдында тизе бүгүшөт+. Бири да өз жанын аман алып кала албайт+. 30  Ага тукум кызмат кылат+, Жахаба жөнүндө келерки муунга жарыяланат+. 31  Алар келип, анын адилдиги тууралуу айтып беришет+. Төрөлө турган элге анын ишин жарыялашат+. Дөөтүнүн ыры.

Шилтемелер