Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

Тилди тандаңыз кыргыз

Забур 21:1—13

Башчыга. Дөөтүнүн ыры. 21  Оо, Жахаба, падыша сенин күчүң менен сүйүнөт+,Сенин куткарууң менен чексиз кубангысы келет!+  Сен ага жүрөгү каалаганды бердиң+,Оозунан чыккан тилегин четке каккан жоксуң+. (Села)  Аны баталарың, жакшылыктарың менен тосуп чыктың+,Башына таза алтындан таажы кийгиздиң+.  Ал сенден өмүр сураган эле — сураганын бердиң+,Өмүрүн узарттың, атүгүл түбөлүккө узарттың+.  Сен аны куткарып, улуу даңкка бөлөдүң+,Кадыр-барк менен көрккө ээ кылдың+.  Ага түбөлүккө мол бата багыштадың+,Аны жүз алдыңда кубандырдың+.  Анткени падыша Жахабага таянат+,Эң Жогоркунун мээримдүүлүгүнө таянат, олку-солку болбойт+.  Сен бардык душмандарыңды колго түшүрөсүң+,Оң колуң өзүңдү жек көргөндөрдү табат.  Өзүң келген убакта аларды күйүп жаткан мештей кыласың+.Аларды Жахаба каары менен жутат, от жалмайт+. 10  Сен алардын тукумун жер бетинен+,Уругун адамзаттын арасынан жок кыласың+. 11  Анткени алар сага жамандык кылууну көздөшөт+,Ишке ашпас ойлорду ойлошот+. 12  Аларды бетке атыш үчүн жааңдын тептиргесин тартканыңда+,Артын карабай качышат+. 13  Оо, Жахаба, күчүң менен даңазалан+.Биз сенин кудуретиңди даңктап ырдайбыз+.

Шилтемелер