Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 20:1—9

Башчыга. Дөөтүнүн ыры. 20  Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү Жахаба сага жооп берсин+. Сени Жакыптын Кудайынын ысмы коргосун+.  Ыйык жерден сага жардам жиберсин+, Сиондон сени колдосун+.  Берген тартууларыңдын баарын эстесин+, Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңды майлуу курмандык катары кабыл алсын+. (Села)  Сага жүрөгүңө жакканды берсин+, Бүт ой-тилегиңди орундатсын+.  Биз сенин куткарганыңа шаттанып, кубанабыз+, Кудайыбыздын ысмы менен тууларыбызды көтөрөбүз+. Жахаба сураганыңдын баарын орундатсын+.  Жахабанын өз майланганын куткарарын мен эми билдим+. Ал ага ыйык асманынан жооп берет+, Оң колу менен куткаруучу күчүн көрсөтөт+.  Айрымдар майдан арабаларын, башкалар аттарын даңазалашат+, Биз болсо Кудайыбыз Жахабанын ысмын даңазалайбыз+.  Алар кулап, кыйрап калышты+, Биз болсо көтөрүлүп, бекем турабыз+.  Оо, Жахаба, падышаны сакта!+ Биз чакырган күнү жооп бер+.

Шилтемелер