Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 2:1—12

2  Эмне үчүн элдер дүрбөлөңгө түшүп+, Улуттар ишке ашпас нерсе тууралуу шыбырашып жатышат?+  Жахабага+ жана анын майланганына+ Жер жүзүнүн падышалары каршы чыгып+, Башкаруучулар  бир кишидей чогулуп жатышат+.  «Алардын чынжырларын үзүп+, Кишендерин алып ыргытабыз!» — дешет+.  Бирок асманда Отурган+ күлөт, Жахаба аларды шылдың кылат+.  Ошол кезде аларга ачуулана сүйлөйт+, Аларды кайнаган каары менен дүрбөлөңгө салат+.  «Мен өз падышамды Ыйык тоом+ Сионго+ койдум»,— дейт ал+.  Мен Жахабанын чечимин жарыялайм, Ал мага мындай деди: «Сен менин уулумсуң+, Бүгүн сага ата болдум+.  Менден сура+, ошондо сага элдерди мураска+, Бүт жер жүзүн энчиңе берем+.  Сен аларды темир таяк менен талкалайсың+, Карапачынын идишиндей быркыратасың»+. 10  Ошондуктан, падышалар, ойлонуп иш кылгыла, Жер жүзүнүн бийлери, оңолгула+. 11  Жахабага коркуу менен кызмат кылгыла+, Сестенүү менен кубангыла+. 12  Ал каарданбашы үчүн, жолуңарда кыйратылбаш үчүн+, Уулун тосуп алгыла*+, Анткени Кудайдын каары тез кайнайт+. Аны баш маана кылгандардын баары бактылуу!+ Дөөтүнүн ыры. Уулу Абышаломдон качып жүргөн убакта+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «өпкүлө».