Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

Тилди тандаңыз кыргыз

Забур 19:1—14

Башчыга. Дөөтүнүн ыры. 19  Асман Кудайдын даңкын жар салат+,Асман мейкиндиги анын колунан бүткөн иштерди кабарлайт+.  Күн артынан күн сүйлөйт+,Түн артынан түн билим берет+.  Бирок кеп да, сөз да угулбайт,Үн да чыкпайт+.  Ошентсе да алардын күбөлөндүрүүсү* бүт жер жүзүнө тараган+,Кабары жердин учу-кыйырына жеткен+.Кудай асманда күн үчүн чатыр тиккен+.  Күн уктаган бөлмөсүнөн чыккан жаш күйөөдөй+,Жарышка түшүүгө даяр турган эр жигиттей шаттанат+.  Асмандын бир четинен чыгып,Экинчи четине барат да, айланган жолун аяктайт+.Анын табынан эч нерсе жашырынып кала албайт+.  Жахабанын мыйзамы+ жеткилең+, жан сергитет*+.Жахабанын насааты+ ишеничтүү+, тажрыйбасызды даанышман кылат+.  Жахабанын буйруктары+ адилет+, жүрөктү кубантат+.Жахабанын осуяты+ таза+, көздү ачат+.  Жахабадан коркуу+ жакшы, түбөлүктүү.Жахабанын өкүмдөрү+ акыйкат+, бардыгы адил+. 10  Алар алтындан, көптөгөн таза алтындан да баалуу+,Балдан+, аарынын уюгунан тамган балдан да таттуу+. 11  Алар — сенин кызматчың үчүн эскертүү+,Аларды аткаргандар чоң сыйлык алат+. 12  Өз жаңылыштыктарын ким көрө алат?+Менин билбестиктен кылган күнөөлөрүмдү кечир+. 13  Кызматчыңды менменсинип иш кылуудан сакта+,Андай иштер мага үстөмдүк кылбасын+.Ошондо кынтыксыз болом+,Далай кылмыштан алыс болом. 14  Оозуман чыккан сөздөрүм, жүрөгүмдө ойлогон ойлорум+Сага жаккыдай болсо экен, оо, Жахаба, менин Аска-зоом+, Куткаруучум*+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «ченегич жиби».
Сөзмө-сөз: «кайтарат».
Же: «мени кун төлөп сатып алуучу».