Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 17:1—15

17  Оо, Жахаба, адил доомду ук, муң-зарыма көңүл бур+, Тилимде жалгандык жок, тиленүүмө кулак сал+.  Мага акыйкат өкүм чыгарылсын+, Көзүң түз жүргөнүмдү көрсүн+.  Сен жүрөгүмдү изилдегенсиң, түн ичинде текшергенсиң+, Мени тазалагансың. Менден арам ой таппайсың+. Тилим менен күнөөгө батпайм+.  Ал эми адамдардын иштеринен, Талап-тоноочунун жолдорунан сенин оозуңан чыккан сөздөр боюнча оолак болгом+.  Сенин жолдоруңда кадамдарым бекем болсун+, Ал жолдордо бутум мүдүрүлбөйт+.  Оо, Кудай, сага кайрылам, анткени сен жооп бересиң+. Мага кулак сал, айткандарымды ук+.  Оң колуңа каршы чыккандардан качып, өзүңөн баш маана издегендерди куткаруучу Кудай+, Кереметтүү иштериң аркылуу мээримдүүлүгүңдү көрсөт+.  Мени көздүн карегиндей сакта+, Канатыңдын көлөкөсүнө жашыр+.  Анткени мени ыймансыздар кыйнап, Жаныма каршы чыккандар курчап жатышат+. 10  Алардын жүрөгүн чор баскан*+, Алар бой көтөрүп сүйлөшөт+. 11  Кайда барбайлы, бизди курчап алышат+, Жер менен жексен кылуу үчүн аңдып турушат+. 12  Алардын ар бири жемин жара тартып жиберүүгө даяр турган арстандай+, Жашыруун жайда күтүп жаткан жаш арстандай. 13  Оо, Жахаба, ордуңан тур. Аларга каршы чык+. Аларды кыйрат, жанымды ыймансыздан кылычың менен куткар+. 14  Оо, Жахаба, мени адамдардан+, Үлүшүн ушул жашоодон алган+ азыркы дүйнөнүн кишилеринен+ өз колуң менен куткар. Алар курсагын сенин казынаңдан тойгузуп+, Уулдарынын көп болгонуна курсант+. Алар топтогонун балдарына калтырат+. 15  Ал эми мен адилдигим менен жүзүңдү көрөм+, Ойгонгонумда элесиңди көрүп ыраазы болом+. Башчыга. Жахабанын кызматчысы Дөөтүнүн забуру. Жахаба аны бардык душмандарынын жана Шабулдун колунан куткарып алган күнү Жахабага ырдаган ыры+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «аларды май баскан».