Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 15:1—5

Дөөтүнүн ыры. 15  Оо, Жахаба, сенин чатырыңда ким конок боло алат?+ Ыйык тооңдо ким жашай алат?+  Кынтыксыз жүргөн+, адил иш кылган+, Жүрөгүндө чындыкты сүйлөгөн адам+.  Ал тили менен эч кимге жалаа жаппайт+, Жакынына кыянаттык кылбайт+, Досун жамандабайт+.  Ал бузуку адамдарды четке кагат+, Ал эми Жахабадан корккондорду урматтайт+. Өзү зыян тартса да, берген антын бузбайт+.  Акчасын үстөк алыш үчүн бербейт+, Айыпсызды айыпка жыгыш үчүн пара албайт+. Ушундай адам эч качан олку-солку болбойт+.

Шилтемелер