Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 149:1—9

149  Жахты даңктагыла!+ Жахабага жаңы ыр ырдагыла+, Аны ишенимдүү кызматчыларынын жыйналышында даңктап ырдагыла+.   Ысрайыл Улуу Жаратканынын иштерине сүйүнсүн+, Сион уулдары өз Падышасынын иштерине кубансын+.   Анын ысмын бий менен даңкташсын+, Ага дап кагып, арфа чертип ырдашсын+.   Анткени Жахаба өз элин жакшы көрөт+, Мүнөзү жумшактарга куткарууну жасалга кылат+.   Ишенимдүүлөр даңкталып кубанышсын, Төшөктөрүндө шаттанып ырдашсын+,   Таңдайларынан Кудайды даңктаган ырлар чыксын+, Колдорунда кош миздүү кылыч болсун+,   Элдерден өч алышсын+, Улуттарды жазалашсын+,   Алардын падышаларын кишендешсин+, Даңктууларын чынжырлашсын,   Алар жазылган өкүм боюнча тиешесин алсын+. Бул даңк анын бардык ишенимдүү кызматчыларына таандык+. Жахты даңктагыла!+

Шилтемелер