Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 148:1—14

148  Жахты даңктагыла!+ Жахабаны асмандан+ даңктагыла, Аны жогорудан+ даңктагыла.  Бардык периштелери+, аны даңктагыла. Бардык аскерлери+, аны даңктагыла.  Күн менен ай+, аны даңктагыла. Жаркыраган жылдыздар+, аны даңктагыла.  Асмандын асманы+, Асмандагы суулар+, аны даңктагыла.  Бардыгы Жахабанын ысмын даңктасын+, Анткени алар анын буйругу менен жаратылган+.  Ал аларды кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө сактайт+. Анын берген көрсөтмөсү жокко чыкпайт+.  Жахабаны жерден даңктагыла+. Деңиздеги алп жаныбарлар, бүт суу туңгуюктары+,  От менен мөндүр, кар менен коюу түтүн+, Анын сөзүн аткарган катуу шамал+,  Тоолор менен бардык адырлар+, Мөмөлүү дарактар менен бардык бал карагайлар+, 10  Жапайы жаныбарлар менен бардык үй жаныбарлары+, Сойлоочулар менен канаттуу куштар+, 11  Жер жүзүнүн падышалары+ менен бүт улуттар, Төрөлөр+ менен жер жүзүнүн бардык соттору+, 12  Жигиттер+ менен кыздар+, Карылар+ менен балдар+, 13  Жахабанын ысмын даңктагыла+, Анткени жалгыз анын ысмы кол жеткис бийик+. Анын улуулугу жерден да, асмандан да бийик+. 14  Ал өз элинин мүйүзүн жогору көтөрөт+, Бардык ишенимдүү кызматчыларынын+, Ысрайыл уулдарынын, Өзүнө жакын элдин даңкын чыгарат+. Жахты даңктагыла!+

Шилтемелер