Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 147:1—20

147  Жахты даңктагыла!+ Анткени Кудайыбызды даңктап ырдоо жакшы, жагымдуу+, Ал мактоого татыктуу+.  Жахаба Иерусалимди кайра курат+, Ысрайылдын чачырап кеткен элин чогултат+.  Ал жүрөгү жаралангандарды+ айыктырат+, Алардын жараатын таңат+.  Жылдыздарды санап+, Алардын баарын атынан атайт+.  Теңирибиз улуу, кудурети күчтүү+, Акылмандыгы* чексиз+.  Жахаба мүнөзү жумшактарды колдойт+, Ал эми ыймансыздарды жерге жеткире басынтат+.  Жахабага ыраазычылык менен жооп бергиле+, Кудайыбызга арфанын коштоосунда ырдагыла+.  Ал асманга булут каптатат+, Жерге жамгыр камдайт+, Тоолорго көк чөп өстүрөт+.  Жаныбарларга, Кузгундун куркулдаган балапандарына+ азыгын берет+. 10  Ал аттын күчүнө сүйүнбөйт+, Адамдын бутунун күлүктүгүнө кубанбайт+. 11  Жахаба Өзүнөн корккондорду+, Анын мээримдүүлүгүн күткөндөрдү көрүп кубанат+. 12  Оо, Иерусалим, Жахабаны макта+, Оо, Сион, Кудайды даңкта+. 13  Анткени ал дарбазаңдын бекиткичтерин бекемдейт, Жаныңдагы уулдарыңа батасын берет+. 14  Ал сенин жериңе тынчтык берет+, Буудайдын мыктысына тойгузат+. 15  Жер жүзүнө буйругун жиберет+, Анын сөзү тез тарайт. 16  Жерге жүнгө окшогон кар жаадырат+, Кыроону күлдөй чачат+. 17  Бүртүк-бүртүк муз ыргытат+. Анын ызгаарына ким чыдайт?+ 18  Ал сөзүн жиберип+, баарын эритет, Шамалын үйлөтөт+, Суу агызат. 19  Жакыпка сөзүн+, Ысрайылга көрсөтмөлөрүн+, өкүмдөрүн айтат+. 20  Ал башка эч бир элге андай кылган эмес+, Алар анын өкүмдөрүн билишпейт+. Жахты даңктагыла!+

Шилтемелер

Же: «Түшүнүгү».