Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 146:1—10

146  Жахты даңктагыла!+ Оо, жаным, Жахабаны даңкта+.  Жахабаны өмүр бою даңктайм+. Көзүм тирүү турганда, Кудайымды даңазалап ырдайм+.  Аттуу-баштууларга+, Куткара албай турган адам баласына таянбагыла+.  Анын деми чыгат да+, өзү топуракка кайтат+, Ошол күнү ойлору ойрон болот+.  Жакыптын Кудайынан жардам күткөн+, Жахаба Кудайынан үмүттөнгөн адам+ бактылуу.  Ал — асман менен жерди+, Деңизди жана алардагынын баарын жараткан+, Ишенимдүүлүгүн түбөлүккө сактаган+,  Алдангандарга акыйкат өкүм чыгарган+, Ачка болгондорго нан берген Кудай+. Жахаба туткундарды бошотот+,  Жахаба сокурлардын көзүн ачат+, Жахаба бүк түшкөндөрдү тургузат+, Жахаба адил адамдарды сүйөт+.  Жахаба келгиндерди коргойт+, Жетим менен жесирге жардам берет+, Ал эми ыймансыздардын+ жолун ийри кылат+. 10  Жахаба түбөлүккө, Оо, Сион+, сенин Кудайың муундан муунга падышалык кылат+. Жахты даңктагыла!+

Шилтемелер