Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 145:1—21

Даңктоо ыры. Дөөтүнүн забуру. א [Алеф] 145  Оо, Кудайым, Падышам+, сени даңазалайм, Ысмыңды кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө алкайм+. ב [Бет]  Күнү бою сени алкайм+, Ысмыңды кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө даңктайм+. ג [Гимел]  Жахаба улуу, ал зор даңкка татыктуу+, Анын улуулугу акыл жеткис+. ד [Далет]  Бир муун экинчи муунга сенин иштериңди мактайт+, Кудуретиңди жарыя кылат+. ה [Хе]  Мен сенин даңкың менен көркүң жөнүндө+, Кереметтүү иштериң жөнүндө ой жүгүртөм+. ו [Вав]  Алар коркунуч сезимин туудурган иштериңдин күчү жөнүндө айтышат+. Мен сенин улуулугуңду жар салам+. ז [Зайин]  Сенин жакшылыгыңдын молдугу алардын оозунан түшпөйт+, Адилдигиңден улам кубанычтуу үн салышат+. ח [Хет]  Жахаба ырайымдуу жана кайрымдуу+, Ачууланууга шашылбайт, анын мээримдүүлүгү улуу+. ט [Тет]  Жахаба баарына жакшылык кылат+, Анын кайрымдуулугу бардык иштеринен көрүнүп турат+. י [Йод] 10  Оо, Жахаба, сени бардык иштериң даңазалайт+, Ишенимдүү кызматчыларың алкайт+. כ [Каф] 11  Алар падышалыгыңдын даңкын жарыялашат+, Улуулугуң жөнүндө айтышат+. ל [Ламед] 12  Адам баласына кудуретиңди+, Падышалыгыңдын даңкын, көркүн билдиришет+. מ [Мем] 13  Сенин падышалыгың — түбөлүк падышалык+. Сен муундан муунга эгедерлик кыласың+. ס [Самех] 14  Жахаба жыгылып бараткандардын баарына жөлөк болот+, Бүк түшкөндөрдүн баарын тургузат+. ע [Айин] 15  Баары сага үмүт менен карайт+, Сен аларга тамагын өз убагында бересиң+. פ [Пе] 16  Колуңду ачып+, Бардык тирүү жандардын каалоосун орундатасың+. צ [Цаде] 17  Жахабанын бардык жолдору адил+, Ал бардык иштеринде ишенимдүү+. ק [Коф] 18  Жахаба Өзүн чакыргандардын баарына+, Чындык боюнча чакыргандардын баарына жакын+. ר [Реш] 19  Ал Өзүнөн корккондордун каалоосун аткарат+, Зарлаган үндөрүн угат, аларды куткарат+. ש [Шин] 20  Жахаба Өзүн жакшы көргөндөрдүн баарын сактайт+, Ал эми ыймансыздардын баарын ойрон кылат+. ת [Тав] 21  Оозум Жахабаны мактайт+. Анын ыйык ысмын ар бир тирүү жан кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө алкасын+.

Шилтемелер