Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 143:1—12

Дөөтүнүн ыры. 143  Оо, Жахаба, тиленүүмдү ук+, Жалынуума кулак сал+. Мага ишенимдүүлүгүң, адилдигиң боюнча жооп бер+.  Кызматчың менен соттошпо+, Анткени сенин алдыңда эч ким адил боло албайт+.  Душман жанымды куугунтуктап+, Өмүрүмдү жер менен жексен кылды+, Эчак өлгөндөрдөй караңгы жайларда жашоого мажбур кылды+.  Ичимде рухум алсырады+, Жүрөгүм сенейип катып калды+.  Мен байыркы күндөрдү эстейм+, Сенин бардык иштериң жөнүндө ой жүгүртөм+, Колуңдун иштери тууралуу ынтызарлык менен ойлоном+.  Колумду сага сунам+, Какшыган жерге окшоп, жаным сени эңсейт+. (Села)  Оо, Жахаба, мага жооп берүүгө шашыл+. Рухум алсырап баратат+. Менден жүзүңдү жашырба+, Көргө түшкөндөргө окшоп калбайын+.  Эртең менен мээримдүүлүгүң тууралуу угуз+, Анткени мен сага таянам+. Жүрүшүм керек болгон жолду көрсөт+, Анткени жанымды сага сунам+.  Оо, Жахаба, мени душмандарыман куткар+. Мен сага корголойм+. 10  Мага эркиңди аткарууну үйрөт+, Анткени сен менин Кудайымсың+. Сенин рухуң жакшы+, Ал мени чынчылдык өкүм сүргөн жерде жетектеп жүрсүн+. 11  Оо, Жахаба, өз ысмың үчүн+ өмүрүмдү сакта+, Адилдигиң боюнча+ жанымды кыйынчылыктан чыгар+. 12  Мээримдүүлүгүңө ылайык, душмандарымды жок кыл+, Жаныма кастык кылгандардын баарын кырып сал+, Анткени мен сенин кызматчыңмын+.

Шилтемелер