Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 142:1—7

142  Үн катып, Жахабаны жардамга чакырдым+, Үн катып, Жахабадан ырайым кылышын сурандым+.  Ага ичимдеги кайгымды төктүм+, Кыйналганымды айтып бердим+,  Ага рухум алсыраганда кайрылдым+. Сен менин жолумду билесиң+. Алар менин баскан жолума+ Жашыруун тузак тартышты+.  Оң тарапты карасаң, Мени билгиси келген эч ким жок экенин көрөсүң+. Качып барар жерим калган жок+, Мени сураган да эч ким жок+.  Оо, Жахаба, сени жардамга чакырдым+, «Сен менин баш маанамсың+, Тирүүлөр жашаган жердеги+ энчимсиң»+,— дедим.  Зарлаган үнүмө көңүл бура көр+, Анткени дарманым калган жок+. Мени артыман сая түшкөндөрдөн куткар+, Себеби алар менден күчтүү+.  Ысмыңды даңкташым үчүн+, Жанымды зындандан чыгар+. Мени адил адамдар курчасын+, Анткени сен мага жакшылык кыласың+. Дөөтүнүн ыры.

Шилтемелер