Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 141:1—10

Дөөтүнүн ыры. 141  Оо, Жахаба, сени чакырам+. Мага келүүгө шашыл+. Сени чакырганымда, үнүмө кулак сал+.  Сенин алдыңда+ тиленүүм даярдалган жыпарзаттай болсун+, Колумду көтөрүп жалынганым кечки нан курмандыгындай болсун+.  Оо, Жахаба, оозума сакчы кой+, Оозумдун каалгасына күзөтчү кой+.  Кыянаттык кылгандар менен бирге+ Ыймансыздыкка, бузуку иштерге барбашым үчүн+, Жүрөгүмдүн жамандыкка бурулушуна жол бербе+, Алардын чүйгүн тамактарын жебегидей болоюн+.  Мени адил адамдын урганы — мээримдүүлүк көрсөткөнү+, Ашкерелегени — башыма май сыйпаганы+. Мен аны жерибейм+. Кырсыкка кабылышканда, алар үчүн тиленем+.  Эл соттору жардан кулады+, Ал эми эл мени угуп, айткандарымдын жагымдуу экенин түшүндү+.  Отун жарганда жерге түшкөн чамындылардай болуп, Сөөктөрүбүз көрдүн* оозуна чачылды+.  Бирок мен көзүмдү сенден албайм+, оо, Эгедер Теңир Жахаба+. Мен сени баш маана кылдым+. Жанымды өлүмгө кыя көрбө+.  Мени бут алдыма коюлган капкандын тиштеринен+, Кыянаттык кылгандардын тузагынан сактай көр+. 10  Ыймансыздардын баары өздөрүнүн торуна өздөрү түшөт+, Мен болсо кыя өтүп кетем.

Шилтемелер

Евр. шеол. Кара: 8-тирк.