Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 140:1—13

140  Оо, Жахаба, мени жаман адамдардан куткар+, Зордук-зомбулук кылып жүргөн кишиден сакта+.  Алар жүрөгүндө жамандык кылууну ойлошот+, Согуш маалындагыдай эртеден кечке чабуул коюшат+.  Алардын тили жыландыкындай курч+, Эриндеринде мүйүздүү жыландын уусу бар+. (Села)  Оо, Жахаба, мени ыймансыздын колунан куткар+, Зордук-зомбулук кылып жүргөн кишиден+, Бутумду тайдырууну көздөгөндөрдөн сакта+.  Бой көтөргөндөр мага жашыруун тузак тартышты+, Жол жээгине жиптерин тор кылып жайышты+, Мага кылтак салышты+. (Села)  Мен болсо Жахабага: «Сен менин Кудайымсың+, Оо, Жахаба, зарлаган үнүмө кулак сал»,— дедим+.  Оо, Эгедер Теңир Жахаба+, кубаттуу куткаруучум+, Сен согуш күнүндө башымды калкалагансың+.  Оо, Жахаба, ыймансызды тилегине жеткирбе+, Бой көтөрбөшү үчүн, амалын ишке ашыртпа+ (Села).  Мени курчагандардын оозунан чыккан балээ+ Өздөрүнүн башына түшсүн+. 10  Алардын үстүнө чок жаасын+, Алар отко+, суу толгон аңга түшүшсүн, кайра турушпасын+. 11  Ооз көптүрө сүйлөгөн* киши жер үстүндө тамыр жайбасын+, Зордук-зомбулук кылган адамдын артынан жамандык сая түшсүн+. 12  Жахаба бей-бечаранын доосун карайт+, Жакырларга акыйкат өкүм чыгарат+. 13  Адил адамдар ысмыңа ыраазычылык билдирет+, Чынчылдар жүз алдыңда жашайт+. Дөөтүнүн ыры.

Шилтемелер

Же: «Жалаа жапкан».