Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 14:1—7

14  Акылсыз адам жүрөгүндө: «Жахаба жок»,— дейт+. Андай адамдар залакалуу, жийиркеничтүү иштерди кылышат+. Бири да жакшылык кылбайт+.  Арасында түшүнүгү бар, Жахабаны издеген бирөө бар болду бекен деп+, Жахаба адам баласына асмандан көз салды+.  Алардын баары жолдон адашкан+, баары бирдей бузулган+. Арасында жакшылык кылган бир да адам жок+. Бирөө да жок+.  Кыянаттык кылгандардын бири да түшүнгөн жокпу?+ Алар элимди нан жегендей жеп-жутуп жатышат+. Алар Жахабаны чакырышкан жок+.  Жахаба адил муундун арасында болгондуктан+, Ал жактан аларды улуу коркунуч басты+.  Силер кысымга алынган кишини Жахабаны баш маана кылганы үчүн шылдыңдайсыңар+.  Ысрайылга Сиондон куткаруу келсе кана!+ Жахаба элинин туткунда жүргөндөрүн кайтарып келгенде+, Жакып сүйүнсүн, Ысрайыл кубансын!+ Дөөтүнүн ыры.

Шилтемелер