Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 139:1—24

139  Оо, Жахаба, сен мени изилдегендиктен билесиң+.  Менин качан отуруп, качан турарымды билесиң+, Оюмду алыстан эле баамдайсың+.  Жол жүргөнүмдө да, жатканымда да, мени изилдейсиң+, Сага бардык жолдорум белгилүү+.  Оозуман сөзүм чыга электе эле+, Оо, Жахаба, сен баарын билесиң+.  Мени алды-артыман курчап турасың, Үстүмө колуңду коёсуң.  Мындай билим мен үчүн ушунчалык кереметтүү+, Акыл жеткис бийик+.  Сенин рухуңдан алыстап, кайда барам+, Жүзүңдөн кайда качам?+  Асманга чыксам да, сен ошол жакта болмоксуң+, Төшөгүмдү көргө* салсам да, ошол жерде болмоксуң+.  Таңдын канатын алып+, Эң алыскы деңиздин жээгине консом да+, 10  Сенин колуң мени ошол жерде да жетелеп жүрмөк+, Оң колуң мени кармап турмак+. 11  «Мени караңгылык каптайт!» — десем+, Ошондо да түн айланамда жарык болмок+. 12  Караңгылык да сага караңгыдай көрүнмөк эмес+, Түн күндөй жаркырамак+, Караңгылык жарыкка айланмак+. 13  Анткени бөйрөктөрүмдү сен жараткансың+, Мени энемдин ичинде калкалагансың+. 14  Сени даңктайм, анткени мен ары таң каларлык, ары кереметтүү жаратылгам+. Сенин иштериң кереметтүү+, Муну менин жаным эң сонун билет+. 15  Жашыруун жаратылып жатканымда+, Жатында өрчүп* жатканымда+, Сөөктөрүм сенден жашыруун болгон эмес+. 16  Көздөрүң мени түйүлдүк кезимде эле көргөн+. Денемдин бардык бөлүктөрү, Алардын качан калыптанары+ Бири да пайда боло электе эле китебиңе жазылып коюлган. 17  Сенин ойлоруң мен үчүн кандай баалуу!+ Оо, Кудай, алардын саны кандай көп!+ 18  Санасам — кумдан да көп болмок+. Ойгонгонумда да санаганымды уланта бермекмин*+. 19  Оо, Кудай, ыймансызды жок кылсаң кана!+ Ошондо канга забын болгондор+ менден алыстамак. 20  Алар сен жөнүндө бурмаланган ойлорун айтып жатышат+, Душмандарың+ ысмыңды жөнү жок колдонуп жатышат+. 21  Оо, Жахаба, сени жек көргөндөрдү жек көрбөй коёмбу?+ Сага каршы чыккандардан жийиркенбей коёмбу?+ 22  Аларды аябай жек көрөм+. Мага алар душман болуп калышкан+. 23  Оо, Кудай, мени изилдеп, жүрөгүмдү бил+. Мени текшерип, тынчымды кетирген ойлорду бил+. 24  Ичимде мени коркунучтуу жолго түртө турган эч нерсе жокпу, байкап көр+. Мени түбөлүктүү жолдо жетектеп жүр+. Башчыга. Дөөтүнүн ыры.

Шилтемелер

Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Сөзмө-сөз: «Жердин түбүндө токулуп».
Сөзмө-сөз: «сени менен болмокмун».