Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 138:1—8

138  Сени бүт жүрөгүм менен даңазалайм+, Башка кудайлардын алдында даңктап ырдайм+.  Мээримдүүлүгүң+ менен чындыгың+ үчүн Ыйык ибадатканаң тарапты карап таазим кылам+, Ысмыңды даңктайм+. Анткени сен сөзүңдү+ өз ысмыңдан жогору койдуң+.  Сени чакырган күнү мага жооп бердиң+, Жаныма кубат берип, тайманбас кылдың+.  Оо, Жахаба, жер жүзүнүн падышалары сени даңктайт+, Анткени оозуңан чыккан сөздөрдү угушат.  Алар Жахабанын жолдору тууралуу ырдашат+, Анткени Жахабанын даңкы зор+.  Жахаба жогоруда болсо да, момунду көрүп турат+, Ал эми бой көтөргөндү алыстан эле билет+.  Туш тараптан кыйынчылык басса да, мени аман алып жүрөсүң+, Душмандарым каарданганда, мага колуңду сунасың+, Оң колуң менен сактап каласың+.  Жахаба мага кылган иштерин аягына чыгарат+. Оо, Жахаба, сенин мээримдүүлүгүң түбөлүктүү+, Өз колуң менен жараткандарыңды таштаба+. Башчыга. Дөөтүнүн забуру. Ыр.

Шилтемелер