Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 137:1—9

137  Биз Бабылдын дарыяларынын+ жээгинде отуруп+, Сионду эстеп ыйлаганбыз+.  Ал жерде өскөн теректерге+ Арфаларыбызды илип койгонбуз+.  Бизди туткунга алгандар ырдап беришибизди+, Бизди шылдыңдагандар алардын көңүлүн ачышыбызды талап кылып+: «Сион ырларынан ырдап бергиле»,— дешкен+.  Бөтөн жерде+ Жахабанын ырын кантип ырдайбыз?+  Оо, Иерусалим, эгер сени унутсам+, Оң колум шык-жөндөмүн унутуп калсын.  Эгер сени эсимен чыгарып койсом+, Иерусалимди эң чоң кубанычымдан+ Жогору койбосом, Тилим таңдайыма жабышып калсын+.  Оо, Жахаба, Иерусалимдин кыйраган күнүн+ эсте+, Эдом уулдарынын+: «Талкалагыла! Аны пайдубалына чейин талкалагыла!»+ — дегенин эсте.  Оо, таланып-тоноло турган Бабыл кызы+, Сен бизге кандай мамиле кылсаң+, Сага да ошондой мамиле кылган бактылуу болот+.  Балдарыңды кармап, Аска ташка чапкан+ бактылуу болот. Дөөтүнүн забуру.

Шилтемелер