Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 136:1—26

136  Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал жакшы+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.  Кудайлардын Кудайына ыраазычылык билдиргиле+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.  Теңирлердин Теңирине ыраазычылык билдиргиле+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.  Ал кереметтүү, улуу иштерди жасайт+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.  Ал асманды акылмандык менен жараткан+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.  Жерди суулардын үстүнө жайган+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.  Чоң чырактарды жараткан+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.  Күндүз башкарсын деп, күндү жараткан+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.  Түнкүсүн башкарсын деп, ай менен жылдыздарды жараткан+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 10  Мисирдин тун уулдарын кырган+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 11  Ысрайылды Мисирден алып чыккан+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 12  Сунулган күчтүү колу, билеги менен алып чыккан+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү. 13  Кызыл деңизди экиге бөлгөн+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 14  Ысрайылды ортосунан өткөргөн+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 15  Фараон менен анын аскерлерин Кызыл деңизге чөктүргөн+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 16  Өз элин чөлдө жетектеп жүргөн+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 17  Улуу падышаларды ойрон кылган+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 18  Даңктуу падышаларды өлтүргөн+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 19  Аморлуктардын падышасы Сихонду өлтүргөн+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 20  Башандын падышасы Окту өлтүргөн+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 21  Алардын жерин мураска берген+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 22  Кызматчысы Ысрайылга мураска берген+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 23  Басынтылганыбызда бизди эстеген+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 24  Душмандарыбыздын колунан тартып алып, куткарып турган+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 25  Ал тирүү жандын баарына азык берет+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. 26  Асман Кудайына ыраазычылык билдиргиле+: Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.

Шилтемелер