Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 135:1—21

135  Жахты даңктагыла!+ Жахабанын ысмын даңктагыла+, Аны даңазалагыла, оо, Жахабанын кызматчылары+,  Жахабанын үйүндө+, Кудайыбыздын үйүнүн короолорунда тургандар+.  Жахты даңктагыла, анткени Жахаба жакшы+, Анын ысмын мактап ырдагыла, анткени бул жагымдуу+.  Анткени Жах Жакыпты+, Ысрайылды өзгөчө эли кылып тандап алган+.  Мен Жахабанын улуу экенин+, Теңирибиздин башка кудайлардын баарынан жогору турарын билем+.  Жахаба эмнени кааласа+, Ошонун баарын асман менен жерде, деңиз менен суу туңгуюктарында ишке ашырган+.  Ал жердин учу-кыйырынан буу көтөрөт+, Жаанга тосмо коёт+, Кампаларынан шамал чыгарат+.  Ал Мисирдин тун уулдарын+, Малынын төл башыларын кырган+.  Оо, Мисир, ал сенин жериңде фараонго жана анын бардык кулдарына+ Жышаандарын, кереметтерин көрсөткөн+. 10  Көптөгөн элдерди кырган+, Күч-кубаттуу падышаларды ойрон кылган+. 11  Аморлуктардын падышасы Сихонду+, Башандын падышасы Окту+, Канаандын бүт падышалыктарын тыптыйпыл кылган+. 12  Алардын жерин өз элине мураска+, Ысрайылга мураска берген+. 13  Оо, Жахаба, сенин ысмың түбөлүктүү+, Оо, Жахаба, сен муундан муунга унутулбайсың+. 14  Анткени Жахаба өз элине болушат+, Кызматчыларына боор ооруйт+. 15  Элдердин буркандары алтын менен күмүштөн жасалган+, Пенденин колунан бүткөн+. 16  Алардын оозу бар, бирок сүйлөбөйт+, Көзү бар, бирок көрбөйт+, 17  Кулагы бар, бирок укпайт+, Алардын таноосунда дем жок+. 18  Аларды жасагандар да, Аларга таянгандар+ да ошолорго окшоп калышат+. 19  Оо, Ысрайыл үйү, Жахабаны алка+, Оо, Арундун үйү, Жахабаны алка+. 20  Оо, Лебинин үйү, Жахабаны алка+, Жахабадан корккондор, Жахабаны алкагыла+. 21  Иерусалимде жашаган Жахаба+ Сиондон даңкталсын+. Жахты даңктагыла!+

Шилтемелер