Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 132:1—18

Шаарга чыгуу ыры. 132  Оо, Жахаба, Дөөтүнү+, Анын нечен жолу кемсинтилгенин эсте+.  Анын Жахабага кандай ант бергенин+, Жакыптын Кудуреттүү Кудайына+ кандай убада бергенин эсте+.  Ал: «Мен үйүмө кирбейм+, Төшөгүмө жатпайм+.  Көз ирмебейм+, Кирпик какпайм+.  Жахабага жай тапмайын+, Жакыптын Кудуреттүү Кудайына улуу чатыр тапмайын тынч албайм»,— деген+.  Мына, биз ал тууралуу Эфратадан укканбыз+, Аны токойлуу талаалардан тапканбыз+.  Келгиле, анын улуу чатырына кирели+, Таман астында таазим кылалы+.  Оо, Жахаба, ордуңан туруп, жашаган жайыңа кел+, Күчүңдү көрсөткөн+ Сандыгың+ менен кел.  Дин кызматчыларың адилдикти кийсин+, Ишенимдүү кызматчыларың шаттансын+. 10  Кызматчың Дөөтү үчүн+ Өз майланганыңдын жүзүн четке какпа+. 11  Жахаба Дөөтүгө ант берген+, Антынан эч качан баш тартпайт+. Ал: «Тукумдарыңдын бирин+ Сенин тактыңа отургузам+. 12  Уулдарың келишимимди сактаса+, Үйрөтө турган насааттарыма карманса+, Алардын да уулдары+ Сенин тактыңда түбөлүк отурат»,— деген+. 13  Анткени Жахаба Сионду тандап алган+, Аны өзүнүн турак жайы кылууну каалап+, мындай деген: 14  «Бул — менин түбөлүк жашай турган жайым+, Өзүм каалагандыктан ушул жерде жашайм+. 15  Мен анын азыгына батамды берем+, Жакырларын нанга тойгузам+. 16  Дин кызматчыларына куткарылуу кийгизем+, Андагы ишенимдүүлөр шаттанышат. 17  Ошол жактан Дөөтүнүн мүйүзүн өстүрөм+; Майланганыма шам чырак камдап койгом+. 18  Душмандарына маскаралык кийгизем+; Ал эми башындагы таажысы+ жаркырайт»+.

Шилтемелер