Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 13:1—6

13  Оо, Жахаба, мени качанга чейин эстебейсиң?+ Түбөлүккөбү?+ Качанга чейин менден жүзүңдү жашырасың?+  Качанга чейин жаным каршылык көрсөтөт, Эртеден кечке жүрөгүмдү кайгы басат? Качанга чейин душманым үстөмдүк кылат?+  Мага көз кырыңды сал, жооп бер, оо, Жахаба Кудайым. Өлүм уйкусуна кетпешим үчүн+, көзүмдүн нуру өчпөсүн+,  Душманым: «Аны жеңдим!» — дебесин, Олку-солку болгонумда, мага кастык кылгандар сүйүнбөсүн+.  Мен болсо сенин мээримдүүлүгүңө таянам+, Сен куткаргандыктан, жүрөгүм кубанычка толсун+.  Жахабаны даңктап ырдайм, анткени ал менден жакшылыгын аябайт+. Башчыга. Дөөтүнүн ыры.

Шилтемелер