Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 127:1—5

127  Үйдү Жахаба курбаса+, Аны куруп жаткандардын иштегени бекер+. Шаарды Жахаба кайтарбаса+, Сакчынын сак турганы бекер+.  Силердин эрте турганыңар+, Кеч жатканыңар+, Азап менен нан таап жегениңер бекер+. Анткени уйкуну Кудай жакшы көргөн адамына берет+.  Мына, балдар* — Жахаба берген мурас+, Перзенттер* — ал берген сыйлык+.  Адамдын жаш кезинде төрөлгөн уулдары+ Күчтүүнүн колундагы жебелердей+.  Саадагын аларга толтурган адам бактылуу+. Алар душман менен дарбаза алдында сүйлөшөт, Уятка калышпайт+. Шаарга чыгуу ыры.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «уулдар».
Сөзмө-сөз: «жатындын жемиши».