Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

Тилди тандаңыз кыргыз

Забур 120:1—7

Шаарга чыгуу ыры. 120  Кыйналганымда Жахабаны чакырдым+,Ал мага жооп берди+.  Жахаба, жанымды жалган ооздон+,Митаам тилден куткар+.  Оо, митаам тил+,Сени жазалаш үчүн Кудай сага эмне жиберет?  Күчтүүнүн курч жебелерин+,Күйгөн бадалдын чогун+.  Мешехте келгин болуп жашаганым үчүн+,Кедар чатырларынын арасына чатыр тиккеним үчүн башыма каран түн түштү!+  Менин жаным тынчтыкты жек көргөндөр менен+Өтө көпкө жашады.  Мен тынчтыкка умтулам+, бирок аны сөз кылдым дегиче,Алар согушууга даяр турушат+.

Шилтемелер