Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 12:1—8

Башчыга. Төмөнкү октава+. Дөөтүнүн ыры. 12  Оо, Жахаба, мени куткара көр+. Анткени ишенимдүүлөр калбай калды+, Адам баласынын арасындагы ишенимдүүлөр көздөн кайым болду.  Баары бири-бирине калп айтышат+, Эки жүздүүлүк*+ менен куулана сүйлөшөт+.  Жахаба куулана сүйлөгөн оозду, Менменсине сүйлөгөн тилди жок кылат+,  «Тилибиз менен жеңебиз+. Оозубуз менен каалаганыбызды сүйлөйбүз. Бизге ким кожоюндук кыла алат?!» — дегендерди жок кылат.  «Кыйналгандар таланып-тонолуп, жакырлар үшкүрүнүп жаткандыктан+, Эми ордуман турам,— дейт Жахаба+,— Аларды өзүн жогору эсептегендерден куткарам»+.  Жахабанын сөздөрү — таза сөздөр+, Жер меште жети жолу эритилип, тазартылган күмүштөй.  Оо, Жахаба, аларды сен өзүң коргойсуң+. Ар бирин бул муундан түбөлүккө сактайсың.  Ыймансыздар туш тарапта жүрүшөт, Анткени адам баласынын арасында жүзү каралык даңазаланат+.

Шилтемелер

Же: «Кош жүрөк».