Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 118:1—29

118  Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал жакшы+, Анткени анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.  Ысрайыл: «Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү»,— десин+.  Арундун үйү+: «Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү»,— десин+.  Жахабадан корккондор+: «Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү»,— дешсин+.  Кыйналганымда Жахты чакырдым+, Жах жооп берип, мени кенен жерге алып чыкты+.  Жахаба мен тарапта, ошондуктан коркпойм+. Пенде мага эмне кыла алат?+  Жахаба мен тарапта, мага жардам бергендердин арасында+; Мен өзүмдү жек көргөндөрдүн кулаганын көрөм+.  Пендеге таянгандан көрө+, Жахабадан баш маана издеген жакшы+.  Аттуу-баштууларга таянгандан көрө+, Жахабадан баш маана издеген жакшы+. 10  Мен бардык элдердин курчоосунда калдым+, Бирок Жахабанын ысмы менен алардын мизин майтардым+. 11  Алар мени курчоого алышты, курчап алышты+, Бирок Жахабанын ысмы менен алардын мизин майтардым. 12  Алар мени аарылардай курчап алышты+, Бирок тикенектүү бадалдай күйүп, кайра өчүштү+. Мен Жахабанын ысмы менен алардын мизин майтардым+. 13  Алар мени жыгыш үчүн катуу түртүштү+, Бирок Жахаба мага жардам берди+. 14  Жах — менин баш калкам, кубатым+; Ал мени куткарат+. 15  Адилдердин+ чатырларынан+ Кубанычтын, куткарылуунун үнү угулат+. Жахаба оң колу менен зор күчүн көрсөтөт+. 16  Жахабанын оң колу бийик көтөрүлөт+, Жахаба оң колу менен зор күчүн көрсөтөт+. 17  Мен өлбөйм+, Жахтын иштерин жарыялаш үчүн жашайм+. 18  Жах мени катуу жазалады+, Бирок өлүмгө кыйган жок+. 19  Мага адилдиктин дарбазаларын ачкыла+. Мен кирип, Жахты даңктайм+. 20  Бул — Жахабанын дарбазасы+. Ал аркылуу адил адамдар кирет+. 21  Мага жооп бергениң үчүн+, Мени куткарганың үчүн, сени даңктайм+. 22  Куруучулар жаратпай койгон таш+ Бурчка коюлган таш болуп калды+. 23  Бул Жахабадан+, Бул биздин көзүбүзгө керемет көрүнөт+. 24  Ушул күндү Жахаба жаратты+, Биз ушул күнү кубанабыз, шаттанабыз+. 25  Оо, Жахаба, бизди куткара көр!+ Оо, Жахаба, ийгиликке жеткире көр!+ 26  Жахабанын ысмы менен келатканга бата тийсин+, Жахабанын үйүнөн силерге бата беребиз+. 27  Жахаба — биздин Кудайыбыз+, Бизге жарык чачат+. Майрамдык жүрүштү+ бутактар менен кооздогула+, Курмандык жайынын мүйүздөрүнө чейин кооздогула+. 28  Сен менин Кудайымсың, мен сени даңазалайм+, Кудайым, сени даңктайм+. 29  Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал жакшы+, Анткени анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+. א [Алеф]

Шилтемелер