Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 116:1—19

116  Мен Жахабаны жакшы көрөм, Анткени ал үнүмдү+, жалынычымды угат+.  Ал мага кулак салды+. Ошондуктан мен аны өмүр бою чакырам+.  Мени өлүм аркандары чырмады+, Көргө* түшкөндөй оор шарттарга туш болдум+, Азап менен кайгыга кабылдым+.  Бирок мен Жахабанын ысмын чакырдым+, «Оо, Жахаба, жанымды куткар!» — дедим+.  Жахаба ырайымдуу, адил+. Биздин Кудайыбыз кайрымдуу+.  Жахаба тажрыйбасыздарды сактайт+. Алсырап калганымда, ал мени куткарды+.  Оо, жаным, бейпил жайыңа кайт+, Анткени Жахаба сага жакшылык кылды+.  Сен жанымды өлүмдөн+, Көзүмдү ыйдан, бутумду чалынуудан сактадың+.  Мен тирүүлөрдүн жеринде+, Жахабанын алдында жүрөм+. 10  Катуу кыйналсам да, Ишенгендиктен+ сүйлөгөм+. 11  Дүрбөлөңгө түшкөнүмдө+: «Ар бир адам жалганчы»,— дегем+. 12  Жахабанын мага кылган бардык жакшылыктарын+ Кантип актайм?+ 13  Мен улуу куткарылуунун чөйчөгүнөн ичем+, Жахабанын ысмын чакырам+. 14  Жахабага берген убадаларымды+ Анын бүт элинин алдында аткарам. 15  Ишенимдүү кызматчыларынын өлүмү Жахабанын көз алдында кымбат+. 16  Оо, Жахаба+, Мен сенин кызматчыңмын+, Сенин кызматчыңмын, күңүңдүн уулумун+. Сен мени кишендеримен бошоттуң+. 17  Мен сага ыраазычылык курмандыгын чалам+, Жахабанын ысмын чакырам+. 18  Жахабага берген убадаларымды+ Анын бүт элинин алдында аткарам+, 19  Жахабанын үйүнүн короолорунда+, Иерусалимдин ортосунда аткарам+. Жахты даңктагыла!+

Шилтемелер

Евр. шеол. Кара: 8-тирк.