Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 110:1—7

Дөөтүнүн ыры. 110  Жахаба менин Мырзама+: «Душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенимче+, Оң жагымда отур»,— деди+.  Жахаба күчүңдүн таягын+ Сиондон сунуп+: «Душмандарыңдын арасында үстөмдүк кыл»,— дейт+.  Сен аскерлериңди+ алып чыккан күнү элиң+ даяр турат+. Таңкы шүүдүрүмдүн тамчыларындай болгон+ көп сандаган жаштарың Сага ыйыктыктын+ көркү менен келет.  Жахаба ант берди+ (ал өкүнбөйт)+: «Сен түбөлүккө+ Мелкиседек сыяктуу дин кызматчысың!»+  Жахаба сенин оң жагыңда+, Ал каары кайнаган күнү падышалардын таш-талканын чыгарат+.  Ал элдерди соттойт+, Жерди өлүккө толтурат+, Көп элдүү жердин башчысын кыйратат+.  Жолдон өзөн суусунан ичет+. Ошондуктан башын жогору көтөрөт+.

Шилтемелер