Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 109:1—31

109  Оо, мен даңктаган Кудай+, унчукпай койбо+.  Анткени ыймансыз менен калпычынын оозу мага каршы ачылды+, Алар мен тууралуу калп айтып жатышат+.  Туш тараптан жек көрүү менен сүйлөп+, Мени менен жөн жерден салгылашып жатышат+.  Алар сүйүүмө каршылык менен жооп беришүүдө+, Мен болсо тиленип жатам+.  Кылган жакшылыгыма жамандык менен+, Сүйүүмө жек көрүү менен жооп берип жатышат+.  Анын үстүнөн ыймансызды кой, Оң тарабында душман турсун+.  Ал соттолгондо айыптуу деп табылсын, Тиленүүсү күнөө болуп эсептелсин+.  Өмүрү кыска болсун+, Көзөмөлчүлүк кызматы башкага берилсин+.  Балдары жетим+, Аялы жесир калсын+. 10  Балдары тентип+, Кайыр сурап калышсын, Урандылардын арасынан чыгып, тамак издеп жүрүшсүн+. 11  Карыз берген киши анын бүт мүлкүн куулук менен тартып алсын+, Тапкан-жыйганын бөтөн жерликтер+ талап кетсин+. 12  Ага эч ким мээримдүүлүк көрсөтпөсүн+, Жетимдерине эч ким ырайым кылбасын. 13  Тукуму кырылып калсын+, Кийинки муунда алардын аты өчсүн+. 14  Жахаба анын ата-бабаларынын кылмышын унутпасын+, Энесинин+ да күнөөсү өчүрүлбөсүн+. 15  Алардын айыбы дайыма Жахабанын көз алдында болсун+, Ал жер үстүнөн алардын атын өчүрсүн+. 16  Анткени ал мээримдүүлүк көрсөтүүнү эстеген эмес+, Бечараны, жакырды+, Көңүлү чөккөндү өлтүрүш үчүн куугунтуктаган+. 17  Каргышты жакшы көргөндүктөн+, ага каргыш тийди+, Батаны жаман көргөндүктөн+, Андан бата алыстады+. 18  Каргыш анын үстүнө кийимдей кийилди+, Ичине суудай кирди+, Сөөгүнө майдай сиңди. 19  Каргыш анын кийген кийиминдей+, Дайыма курчанган курундай болсун+. 20  Мага каршы чыккандардын+, Жанымды жамандагандардын Жахабадан алган жазасы — ушул+. 21  Жахаба, сен Эгедер Теңирсиң+. Мага өз ысмың үчүн ырайым кыл+, Мени куткар, анткени сенин мээримдүүлүгүң жакшы+. 22  Мен байкуш бечарамын+, Көкүрөгүмдө жүрөгүм жараланды+. 23  Мен күндүн батышы менен жок болгон көлөкөдөй жок болуп баратам+, Чегирткедей күбүлүп калдым. 24  Орозодон улам тизелерим титиреп+, Этим шылынды, денемде зайтун май калган жок+. 25  Шылдың болдум+, Мени көргөндөр баштарын чайкашат+. 26  Оо, Жахаба Кудайым, мага жардам бер+, Мени мээримдүүлүгүң менен сакта+. 27  Оо, Жахаба, муну колуң жасаганын+, Сенин жасаганыңды билишсин+. 28  Алар каргыш айта беришсин+, Сен болсо батаңды бер+. Алар ордунан турду, бирок уятка калышсын+, Ал эми сенин кызматчың сүйүнсүн+. 29  Мага каршы чыккандар кемсинтилсин+, Маскаралыкты чапандай кийишсин+. 30  Мен Жахабаны кайра-кайра даңктайм+, Сансыз элдин арасында даңазалайм+. 31  Анткени ал жакырдын оң тарабында турат+, Аны жанын айыптагандардан сактайт. Дөөтүнүн ыры.

Шилтемелер