Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 108:1—13

108  Оо, Кудай, жүрөгүм бекем+, Сени даңктап ырдайм, обон салам+. Бүт жүрөгүм* менен обон салам+.  Ойгон, кыл аспап, сен да ойгон, арфа+. Мен таңды ойготом+.  Оо, Жахаба, сени элдердин арасында даңазалайм+, Улуттардын арасында даңктап ырдайм+.  Анткени сенин мээримдүүлүгүң улуу, асманга жетет+, Чындыгың көккө жетет+.  Оо, Кудай, даражаң асмандан да жогору көтөрүлсүн+, Даңкың бүт жер үстүндө болсун+.  Сүйүктүүлөрүң аман калышы үчүн+, Оң колуң менен куткар, жооп бер+.  Кудай ыйыктыгы менен мындай деди+: «Мен шаттанам, Шекемди+ үлүшкө берем+, Сукот өрөөнүн өлчөйм+.  Гилат+ да, Менаше+ да меники, Эпрайым — мен дайындаган башчынын чеби+, Жүйүт — бийлик таягым+.  Маап+ — чылапчыным+. Эдомго+ сандалымды ыргытам+. Пелиштиге+ жеңиш үнү менен кыйкырам»+. 10  Мени чептүү шаарга ким киргизет?+ Эдомго ким жеткирет?+ 11  Оо, Кудай, өзүң эмеспи? Сен бизди таштап кеттиң+, Оо, Кудай, аскерлерибиз менен салгылашка чыкпай калдың+. 12  Бизди азаптан арылтып, жардам бер+, Анткени пенденин куткаруусу куру бекер+. 13  Биз Кудайдан күч алабыз+, Душмандарыбызды ал өзү тебелейт+. Башчыга. Дөөтүнүн забуру. Ыр.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «даңкым».