Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 107:1—43

107  Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал жакшы+, Анткени анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.  Жахаба куткаргандар ушинтип айтышсын+. Ал аларды душмандын колунан куткарган+,  Ар кайсы өлкөлөрдөн+, Күн чыгыш менен күн батыштан+, Түндүк менен түштүктөн чогулткан+.  Алар ээн талаа+, эрме чөлдө тентип+, Жашаганга шаар таппай жүрүшкөн+.  Ачка болушкан, суусашкан+, Алардын араң эле жаны калган+.  Кыйналганда Жахабага жалынышкан+, Ал болсо аларды азаптарынан арылткан+.  Отурукташа турган шаарга жеткириш үчүн+ Аларды туура жолго салган+.  Жахабага мээримдүүлүгү үчүн, Адам баласына жасаган кереметтүү иштери үчүн+ ыраазычылык билдиришсин+.  Анткени ал суусаган жандын суусунун кандырган+, Ачка болгон жанды жакшылыкка тойгузган+. 10  Айрымдар караңгылыкта, коюу түндө жашашкан+, Азап-кайгынын туткуну болушкан, темир менен кишенделишкен+. 11  Анткени Кудайдын айткандарына каршы чыгышкан+, Эң Жогорку Кудайдын жетекчилигин четке кагышкан+. 12  Ошондуктан ал алардын жүрөгүн кыйынчылыктар аркылуу багынткан+, Алар чалынганда, эч ким жардам берген эмес+. 13  Кыйналганда Жахабаны чакыра башташкан+, Ал болсо аларды азаптарынан кайрадан куткарган+. 14  Чынжырларды үзүп+, Аларды караңгыдан, коюу түндөн чыгарган+. 15  Жахабага мээримдүүлүгү үчүн+, Адам баласына жасаган кереметтүү иштери үчүн ыраазычылык билдиришсин+. 16  Ал жез эшиктерди талкалаган+, Темир бекиткичтерин сындырган+. 17  Акылы жоктор кылмыштарынан улам+, Күнөөлөрүнөн улам азап тартышкан+. 18  Алардын жаны тамак аттуунун баарынан жийиркенген+, Алар өлүм дарбазасына жакындашкан+. 19  Кыйналганда Жахабаны чакыра башташкан+, Ал болсо аларды азаптарынан кайрадан куткарган+. 20  Ал буйрук берип, аларды айыктырган+, Көрдөн сактап калган+. 21  Жахабага мээримдүүлүгү үчүн+, Адам баласына жасаган кереметтүү иштери үчүн ыраазычылык билдиришсин+. 22  Ыраазычылык курмандыктарын чалышсын+, Анын иштерин кубаныч менен жар салышсын+. 23  Кеме менен деңизге чыккандар+, Зор сууларда соода жүргүзгөндөр+ 24  Жахабанын иштерин+, Суу туңгуюктарындагы кереметтүү иштерин көрүшөт+, 25  Ал сүйлөгөндө, катуу шамал болорун+, Толкундардын бийик көтөрүлөрүн көрүшөт+. 26  Кемедегилер бирде асманга көтөрүлүп, Бирде тереңге түшүшөт. Алааматтан улам алардын жаны көзүнө көрүнөт+. 27  Алар мас кишидей теңселишет, чайпалышат+, Алардын бүт акылмандыгынан майнап чыкпайт+. 28  Кыйналганда Жахабага жалбарышат+, Ал болсо аларды азаптарынан куткарат+. 29  Ал катуу шамалды тынчтандырат+, Ошондо деңиз толкундары басылат+. 30  Айлана жымжырт болгондо, алар сүйүнүшөт. Ал аларды көксөгөн жээгине жеткирет+. 31  Жахабага мээримдүүлүгү үчүн+, Адам баласына жасаган кереметтүү иштери үчүн ыраазычылык билдиришсин+. 32  Аны эл чогулган жыйналышта даңазалашсын+, Аксакалдар отурган жерде даңкташсын+. 33  Ал дарыяларды чөлгө+, Агын сууларды какшыган жерге айлантат+, 34  Тургундарынын жаман иштери үчүн Түшүмдүү жерди шор жерге айлантат+. 35  Чөлдү камыштуу көлмөгө+, Какшыган жерди агын сууларга айлантат+. 36  Ошол жерге шаар куруп жашашсын деп+, Ачкаларды отурукташтырат+. 37  Алар мол түшүм алыш үчүн+ Талаага эгин айдап, жүзүм отургузушат+. 38  Кудай батасын бергендиктен, абдан көбөйүшөт+, Ал алардын малынын суюлушуна жол бербейт+. 39  Бирок эзүүдөн, кырсыктан, кайгыдан улам+ Эл бүк түшөт, алардын саны кайрадан азаят+. 40  Ал аттуу-баштууларды жектейт+, Ошондуктан алар жолсуз ээн талаада каңгып калышат+. 41  Бирок ал жакырды кыйынчылыктан коргойт+, Аны отордой көбөйтүп, чоң үй-бүлөлүү кылат+. 42  Муну чынчылдар көрүп, кубанышат+, Ал эми ыймансыздардын баары оозун басат+. 43  Ким акылдуу болсо, ушуларды байкайт+, Жахабанын мээримдүүлүгүн чагылдырган иштерге назар салат+. Ыр. Дөөтүнүн забуру.

Шилтемелер