Забур 106:1—48
106 Жахты даңктагыла!+
Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал жакшы+,Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.
2 Жахабанын зор иштерин ким айтып бүтө алат+,Анын даңкын ким толугу менен жар сала алат?+
3 Акыйкаттыкты сактагандар+,Ар дайым адил иш кылгандар бактылуу+.
4 Оо, Жахаба, элиңе ырайым кылганда мени да эсте+.Мага кам көрүп, мени куткар+.
5 Өзүң тандап алгандарга кылган жакшылыгыңды көрөйүн+,Элиң менен чогуу кубанайын+,Мурасың менен бирге мактанайын+.
6 Ата-бабаларыбызга окшоп, биз да күнөөгө баттык+,Жамандыкка, ыймансыздыкка бардык+.
7 Мисирде ата-бабаларыбызСенин кереметтүү иштериңди түшүнүшкөн эмес+,Улуу мээримдүүлүгүңдүн молдугун эстеп жүрүшкөн эмес+.Алар деңиздин, Кызыл деңиздин жээгинде козголоң чыгарышкан+.
8 Кудай болсо аларды өз ысмы үчүн+,Кудуретин көрсөтүү үчүн куткарган+.
9 Ал Кызыл деңизди тыйганда, деңиз соолуп калган+,Аларды суу туңгуюгу аркылуу чөлдөн өткөргөндөй алып өткөн+.
10 Аларды өздөрүн жек көргөндүн колунан куткарган+,Душмандын колунан бошоткон+.
11 Суу алардын душмандарын басып калган+,Бири да тирүү калган эмес+.
12 Ошондо алар Кудайдын сөзүнө ишенип+,Аны даңктап ырдашкан+.
13 Бирок анын иштерин тез эле унутуп коюшкан+,Анын жетекчилигин күтүшкөн эмес+.
14 Алар ээн талаада өзүмчүл каалоолорун айтышкан+,Чөлдө Кудайды сынашкан+.
15 Ал болсо алардын сураганын берген+,Бирок алардын арасына каргашалуу оору жиберген+.
16 Алар конушта Мусага+,Арунга — Жахабанын ыйыгына — көз арта башташкан+.
17 Ошондо жер ачылып, Датанды жутуп кеткен+,Абырамдын жамаатын көмүп калган+.
18 Алардын жамаатында от алоолонгон+,Ыймансыздарды жалын жутуп кеткен+.
19 Андан тышкары, алар Хорепте музоо жасашкан+,Куйма бурканга табынышкан+.
20 Ошентип, менин даңкымды+Чөп жеген буканын сөлөкөтүнө алмаштырышкан+.
21 Алар Кудайды, өздөрүнүн Куткаруучусун, унутушкан+.Мисирде улуу иштерди+,
22 Хам жеринде кереметтерди+,Кызыл деңизде сестентерлик иштерди жасаган Кудайды унутушкан+.
23 Кудай аларды кырып салууга буйрук берейин дегенде+,Тандап алган кызматчысы Муса,Алар кырылып калбашы үчүн, анын каарын кайт кылыш үчүн+,Асканын жаракасына тура калгандай, Анын алдында арачылык кылган+.
24 Алар сонун жерди жеришкен+,Анын сөзүнө ишенишкен эмес+.
25 Чатырларында кайра-кайра наалышкан+,Жахабанын үнүнө кулак салышкан эмес+.
26 Ошондуктан ал колун көтөрүп ант берген+,Аларды чөлдө жок кыларын айткан+,
27 Алардын тукумун элдердин арасында жок кыларын+,Аларды башка жерлерге чачыратып жиберерин айткан+.
28 Алар Пеор Баалына жабышып+,Жансыз нерселерге багышталган курмандыктарды жешкен+.
29 Өз иштери менен Кудайды каардантышкан+,Ошондо алардын арасында кыргын башталган+.
30 Пинехас ордунан туруп, кийлигишкенде+,Кыргын токтогон.
31 Ошон үчүн ал муундан муунга, кылымдан кылымгаАдил деп эсептелип калган+.
32 Андан тышкары, алар аны Мериба суусунун жанында каардантышкан+,Алардын айынан Муса азап тарткан+.
33 Аны ачуулантышкандыктан,Ал ойлонбой сүйлөп алган+.
34 Алар элдерди жок кылышкан эмес+,Жахабанын буйругуна баш ийишкен эмес+.
35 Тескерисинче, элдер менен аралашып+,Алардын иштерин үйрөнө башташкан+,
36 Буркандарына кызмат кылышкан+,Ошолор аларга тузак болгон+.
37 Уулдары менен кыздарын+Жиндерге курмандыкка чалышкан+.
38 Жазыксыз канды+,Уул-кыздарынын канын төгүшкөн,Аларды Канаандын буркандарына курмандыкка чалышкан+.Ошентип, жер кан төгүүдөн арамдалган+.
39 Алар иштеринен улам булганышкан+,Адеп-ахлаксыз мамилелерге барышкан+.
40 Ошондо Жахаба өз элине каарданып+,Өз мурасынан жийиркенип калган+.
41 Аларды көп жолу элдердин колуна салып берген+,Жек көргөн душмандарына башкартып койгон+.
42 Душмандары аларды эзишкен,Өз бийлигине баш ийдиришкен+.
43 Кудай көп жолу куткарса да+,Алар тил албай, козголоң чыгарып+,Күнөөлөрү үчүн басынтылышкан+.
44 Бирок Кудай алардын муң-зарын угуп+,Алардын оор абалына назарын салган+.
45 Өзүнүн алар менен түзгөн келишимин эстеген+,Улуу мээримдүүлүгүнүн молдугу боюнча аларды аяган+.
46 Аларды туткундагандардын баарынаАларга боор оорууга түрткү берген+.
47 Оо, Жахаба Кудайыбыз, бизди куткар+,Ыйык ысмыңа ыраазычылык билдиришибиз үчүн+,Сени кубаныч менен даңкташыбыз үчүн+,Бизди элдердин арасынан чогулт+.
48 Ысрайылдын Кудайы Жахаба+Түбөлүктөн түбөлүккө даңкталсын.Бүт эл «оомийн» десин+.Жахты даңктагыла!+