Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 105:1—45

105  Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анын ысмын чакыргыла+, Иштерин элдер арасында жар салгыла+.  Аны даңктап ырдагыла, обон салгыла+, Бардык кереметтүү иштери тууралуу ой жүгүрткүлө+.  Анын ыйык ысмы менен мактангыла+. Жахабаны издегендердин жүрөгү кубансын+.  Жахабаны, анын күч-кубатын издегиле+, Ар дайым анын жүзүн издегиле+.  Анын жасап келген ажайып иштерин+, Кереметтерин, оозунан чыккан өкүмдөрүн унутпагыла+,  Оо, Кудайдын кызматчысы Ыбрайымдын тукуму+, Жакыптын уулдары, Анын тандалгандары+.  Ал — Жахаба, биздин Кудайыбыз+, Анын өкүмдөрү бүт жер жүзүндө ишке ашат+.  Ал өз келишимин эч качан+, Буйрук кылган сөзүн, миң муун өтсө да, унутпайт+.  Кудай ал келишимди Ыбрайым менен түзгөн+, Ыскакка ант берген+. 10  Ал антты Жакыпка мыйзам катары, Ысрайылга кылымдарга түзүлгөн келишим катары берген+. 11  «Сага Канаан жерин берем+, Аны энчиңе берем»,— деген+. 12  Ошол кезде алардын саны аз эле+, Ооба, өтө аз эле. Алар ал жерде келгин катары жашашкан+. 13  Бир элден бир элге+, Бир падышалыктан бир падышалыкка барышкан+. 14  Кудай аларды эч кимге алдаткан эмес+, Аларга болушуп, падышаларды ашкерелеген+. 15  «Менин майлангандарыма тийбегиле+, Пайгамбарларыма жамандык кылбагыла»,— деген+. 16  Ал жерге ачарчылык каптаткан+, Ортосу оюк токочтор илинген таяктардын баарын сындырып таштаган+. 17  Алардан мурун бир кишини жиберген. Ал кулчулукка сатылган Жусуп болчу+. 18  Анын бутуна кишен салышкан+, Жанын чынжыр менен байлашкан+. 19  Айткандары аткарылганга чейин+, Аны Жахабанын сөзү тазарткан+. 20  Ошондо падыша буйрук берип, аны бошоткон+, Элдердин башчысы коё берген. 21  Аны өз үйүнө кожоюн кылган+, Бүт мүлкүнүн үстүнөн башкаруучу кылып койгон+. 22  Ага төрөлөрдү жаны каалагандай башкарууга+, Аксакалдарга акылмандык үйрөтүүгө укук берген+. 23  Кийин Ысрайыл Мисирге келген+, Жакып Хам жеринде келгин болуп жашаган+. 24  Кудай өз элин аябай көбөйтүп+, Бара-бара душмандарынан күчтүү кылган+. 25  Аларга жүрөктөрүн өзгөртүүгө жол бергендиктен+, Анын элин жек көрүп, кызматчыларына каршы куулук кылышкан+. 26  Ал кызматчысы Мусаны+, Өзү тандап алган Арунду жиберген+. 27  Алар анын жышаандарын+, Хам жеринде кереметтерин көрсөтүшкөн+. 28  Ал караңгылык жиберип, айлананы караңгы кылган+; Алар анын сөзүнө каршылык көрсөтүшкөн эмес+. 29  Алардын сууларын канга айлантып+, Балыктарын өлтүргөн+. 30  Алардын жерин, Падышаларынын төркү бөлмөлөрүн бака каптаган+. 31  Анын буйругу боюнча, көгөөн учуп келген+, Алардын бүт жерин кара чиркей каптаган+. 32  Ал жамгыр ордуна мөндүр жаадырган+, Алардын жерине куйкалаган от түшүргөн+. 33  Жүзүм сабактарын, анжир дарактарын бүлдүрүп, Ошол аймактагы бак-дарактын баарын сындырган+. 34  Анын буйругу боюнча, чегиртке+, Чегирткенин сан жетпеген түрлөрү келген+. 35  Алар өлкөдөгү бүт өсүмдүктөрдү+, Жер жемиштерин жеп кеткен. 36  Ал өлкөдөгү тундардын баарын+, Алардын тукум улоочу бүт күчүнүн башталышын кырып салган+. 37  Ал өз элин алтын-күмүш менен алып чыккан+, Урууларынын арасында алсыздары болгон эмес. 38  Алар чыгып баратканда, Мисир сүйүнгөн, Анткени алардан коркуп калган эле+. 39  Ал булутту пардадай тарткан+, Түнкүсүн жарык болушу үчүн от берген+. 40  Алар сураганда, бөдөнө жиберген+, Аларды асмандан түшкөн нанга тойгузган+. 41  Асканы жарып, суу чыгарган+. Какшыган аймактарда суу дайрадай аккан+. 42  Анткени ал өзүнүн кызматчысы Ыбрайымга берген ыйык сөзүн унуткан эмес+. 43  Ошентип, өз элин шаттык менен+, Тандалгандарын кубанычтуу үн менен чыгарган+. 44  Аларга бара-бара башка элдердин жерин берген+. Алар башка улуттардын эмгегинин үзүрүн көрүшкөн+. 45  Өзүнүн эли буйруктарын аткарышы үчүн+, Мыйзамдарына карманышы үчүн Ал ошондой кылган+. Жахты даңктагыла!+

Шилтемелер