Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 104:1—35

104  Жахабаны алка, оо, жаным+. Оо, Жахаба Кудайым, сен укмуштуудай улуусуң+. Сен кадыр-баркка, көрккө ороносуң+.  Жарыкты кийимдей киесиң+, Асманды чатырдай жаясың+.  Турак жайыңды булуттардын үстүнө курасың+, Булуттарды араба кыласың+, Шамалдын канаттарынын үстү менен басасың+.  Периштелериңди шамал*+, Кызматчыларыңды жалмаган от кыласың+.  Сен жерди бекем пайдубалга орнотконсуң+, Ал кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө козголбойт+.  Сен суу туңгуюктарын жер бетине кийимдей кылып жапкансың+, Сууларды тоолордун үстүнө тургузгансың+.  Сенин буйругуңдан суулар качкан+, Күркүрөгөн үнүңөн дүрбөлөңгө түшкөн,  Алар сен даярдап койгон жерге качкан. Тоолор көтөрүлгөн+, Өрөөндөр чөккөн.  Сен сууларга чек койгонсуң; алар андан чыкпайт+, Жерди кайра каптабайт+. 10  Сен өзөндөрдөн булактарды чыгарасың+, Алар тоо аралап агат. 11  Алардан талаа жаныбарларынын баары ичет+, Зебралар+ суусунун кандырып турат. 12  Алардын жанына асман куштары түнөйт+, Шактардын арасынан үн салышат+. 13  Сен тоолорду үйүңдүн үстүнкү бөлмөлөрүнөн сугарасың+, Иштериңдин жемишине жер тоёт+. 14  Жаныбарлар үчүн көк чөп+, Адамзат үчүн өсүмдүк өстүрөсүң+, Жерден азык чыгарасың+. 15  Адамдын жүрөгүн шаттанткан шарапты+, Жүзүн жылтыраткан зайтун майын+, Жүрөгүн кубаттандырган нанды бересиң+. 16  Жахабанын дарактары, Өзү отургузган Лебанон бал карагайлары жакшы сугарылат+. 17  Алардын арасына чымчыктар уя салат+, Арчалар илегилекке үй болот+. 18  Бийик тоолор+ — тоо текелердин жайы+, Аскалар — тоо дамандарынын* баш маанасы+. 19  Сен айды убакытты белгилөө үчүн жараткансың+; Күн да өзүнүн батар жайын билет+. 20  Түн болушу үчүн, караңгылык каптатасың+; Түн ичинде бүт токой жаныбарлары жортуп жүрөт. 21  Жалдуу жаш арстандар арылдап жем издейт+, Алар Кудайдан тамак сурайт+. 22  Күн нурун чачканда+, алар көздөн кайым болот, Жашыруун жайларында жатат. 23  Ошондо адам иштерин улантуу үчүн чыгат+, Кечке чейин иштейт+. 24  Жасаган иштериң кандай көп, оо, Жахаба!+ Сен баарын акылмандык менен жараткансың+. Жер сенин колуңан бүткөн нерселерге толгон+. 25  Мына, чалкыган зор деңиз+. Андагы тирүү жандыктарга+, Чоң-кичине жаныбарларга сан жетпейт+. 26  Анда кемелер жүрөт+, Сен жараткан лебиатан*+ оюн салат+. 27  Бардыгы+ сени, Өз маалында тамак беришиңди күтөт+. 28  Алар бергениңди жейт+. Колуңду ачканда, берекеңе тоёт+. 29  Жүзүңдү жашырсаң, алардын тынчы кетет+. Өмүр демин алсаң+, өлүшөт да, Топуракка кайтышат+. 30  Рухуңду жиберсең, алар жаратылат+, Сен жер бетин жаңыртасың. 31  Жахабанын даңкы түбөлүктүү+. Жахаба өз иштерине кубанат+. 32  Ал жерди караганда, жер титирейт+, Тоолорго тийгенде, алар түтөйт+. 33  Мен Жахабаны өмүр бою даңктап ырдайм+, Тирүү турганымда Кудайымды ыр менен даңазалайм+. 34  Кудай жөнүндө ой жүгүрткөнүм ага жаксын+. Мен Жахабанын иштерине кубанам+. 35  Күнөөкөрлөр жер үстүнөн жок кылынат+, Ыймансыздар ойрон болот+. Оо, жаным, Жахабаны алка. Жахты даңктагыла!+

Шилтемелер

Же: «рух».
Аска-зоолордо жашаган коён сымал жаныбарлар.
Же: «крокодил».