Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 103:1—22

Дөөтүнүн забуру. 103  Оо, жаным, Жахабаны алка+, Бүт жан дүйнөм, анын ыйык ысмын алка+.  Оо, жаным, Жахабаны алка, Анын иштеринин бирин да унутпа+.  Ал сенин айыбыңдын баарын кечирет+, Дартыңдын баарын айыктырат+.  Өмүрүңдү көрдөн куткарат+, Сени мээримдүүлүгү менен кайрымдуулугуна бөлөйт+.  Жашооңду жакшылыкка толтурат+, Жаштыгың бүркүттүкүндөй жаңыланат+.  Жахаба адил иштерди кылат+, Өкүмдөрүн бардык алдангандардын пайдасына чыгарат+.  Ал Мусага өзүнүн жолдорун+, Ысрайылдын уулдарына иштерин ачып берген+.  Жахаба кайрымдуу жана ырайымдуу+, Ачууланууга шашылбайт, чексиз мээримдүү+.  Ал кынтык издей бербейт+, Түбөлүккө каарданбайт+. 10  Бизди күнөөлөрүбүзгө жараша жазалабайт+, Бизге кылмыштарыбызга жараша тиешебизди бербейт+. 11  Асман жерден канчалык бийик болсо+, Анын Өзүнөн корккондорго көрсөткөн мээримдүүлүгү ошончолук улуу+. 12  Батыштан чыгыш канчалык алыс болсо+, Ал бизден кылмыштарыбызды ошончолук алыстатты+. 13  Атасы уулдарына кайрымдуулук көрсөткөндөй+, Жахаба Өзүнөн корккондорго кайрымдуулук көрсөтөт+. 14  Анткени ал биздин эмнеден жаратылганыбызды билет+, Топурак экенибизди унутпайт+. 15  Ажалдуу адамдын күндөрү көк чөптүн күндөрүндөй+, Ал талаа гүлүндөй гүлдөйт+. 16  Шамал соксо, ал жок болот+, Өскөн жери аны тааныбай калат+. 17  Жахаба мээримдүүлүгүн+ Өзүнөн корккондорго+, Адилдигин адам баласына Түбөлүктөн түбөлүккө көрсөтөт+. 18  Ал Өзүнүн келишимин сактагандарга+, Көрсөтмөлөрүн унутпай аткаргандарга да ошондой мамиле кылат+. 19  Жахаба тактысын асманга бекем орнотту+, Анын падышалыгы бардыгына үстөмдүк кылат+. 20  Жахабанын периштелери+, күчтүүлөрү, анын сөзүн аткарып+, Тилин алып, аны алкагыла+. 21  Жахабанын бардык аскерлери+, Эркин аткарган кызматчылары, аны алкагыла+. 22  Жахабанын колунан бүткөндүн баары+, Ал ээлик кылган жерлерде+ Аны алкагыла. Оо, жаным, Жахабаны алка+.

Шилтемелер