Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 101:1—8

101  Мен мээримдүүлүк, акыйкаттык жөнүндө ырдайм+. Оо, Жахаба, сени даңктап ырдайм+.  Түз жолдо жүрүп, эстүүлүк менен иш кылам+. Сен мага качан келесиң?+ Үйүмдө жүргөндө жүрөгүмдү таза сактайм+.  Көз алдыма пайдасы жок нерселерди койбойм+, Түз жолдон чыккандардын иштерин жек көрөм+. Алардын иштери мага жабышпайт+.  Бузуку жүрөк менден алыс болот+, Жаман ишке аралашпайм+.  Ким жакынына жашыруун жалаа жапса+, Мен анын үнүн басам+. Кимдин көзү текебер болсо, жүрөгү менменсинсе+, Чыдап турбайм+.  Көзүм жер жүзүндөгү ишенимдүүлөргө бурулат+, Алар мени менен жашайт+. Ким түз жолдо жүрсө+, Ал мага кызмат кылат+.  Куулук кылгандар менин үйүмдө жашабайт+. Жалган сүйлөгөндөрдүн бири да+ Көз алдымда турбайт+.  Күнүгө эртең менен жер жүзүндөгү ыймансыздарды кырам+, Жахабанын шаарынан+ кыянаттык кылгандардын баарын жок кылам+. Дарманы кетип, кайгысын Жахабага билдирген бечаранын тиленүүсү+.

Шилтемелер