Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 10:1—18

10  Оо, Жахаба, эмне үчүн алыста турасың?+ Кыйынчылык учурунда эмне үчүн жашынасың?+  Ыймансыз бой көтөрүп, бей-бечараны аёосуз куугунтуктайт+, Айла-амалдары менен аны колго түшүрөт+.  Ыймансыз жанынын өзүмчүл каалоолору менен мактанат+, Арам оокат жыйнаган+ ошонусуна корстон болот, נ [Нун] Ал Жахабаны урматтабайт+.  Ыймансыз менменсингендиктен Кудайды издебейт+, Ал: «Кудай жок»,— деп ойлойт+.  Анын жолдорун дайыма ийгилик коштоп жүрөт+. Сенин сот өкүмдөрүң ал үчүн акыл жеткис+, Ал өзүн душмандарынын баарынан жогору эсептейт+.  Ичинен: «Мен олку-солку болбойм+, Муундан муунга жамандык көрбөй жашайм»,— дейт+. פ [Пе’]  Анын оозу каргышка, калпка, зордук-зомбулукка толгон+. Тилинин астында жамандык менен кыянатчылык бар+.  Ал конуштардын жанында буктурмада аңдып отурат, Жашынган жеринен чыгып, айыпсызды өлтүрөт+. ע [Айин] Анын көзү байкуш бирөөнү аңдыйт+.  Ийининде жаткан арстандай болуп, ал жашыруун жерде аңдып жатат+, Бечараны кармаш үчүн буктурмада жатат+. Торун тартып, аны кармайт+. 10  Бечара болсо кыйналганынан жүзтөмөндөп жыгылат; Ыймансыздын күчтүү колуна көңүлү чөккөндөрдүн далайы түшөт+. 11  Ал ичинен+: «Кудай унутту+, Жүзүн жашырып алды+, Эч качан көрбөйт»,— дейт+. ק [Коф] 12  Оо, Жахаба, ордуңан тур+. Оо, Кудай, колуңду жогору көтөр+, Бей-бечараларды унутпа+. 13  Ыймансыз эмне себептен Кудайды урматтабайт?+ Анткени ал ичинен: «Кудай жоопко тартпайт»,— дейт+. ר [Реш] 14  Сен азап-кайгыны көрүп турасың, Чара көрүш үчүн карап турасың+. Байкуш+ жетим өзүн сенин колуңа тапшырат. Сен анын жардамчысы болосуң+. ש [Шин] 15  Ыймансыз жана жаман кишинин колун сындыр+, Ыймансыздыгын иликтеп, аны акырына чейин жазала+. 16  Жахаба — кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө Падыша+. Элдер жер жүзүнөн жок болушту+. ת [Тав] 17  Оо, Жахаба, сен мүнөзү жумшактардын тилегин угасың+, Жүрөктөрүн даярдайсың+. Аларга көңүл буруп, кулак саласың+. 18  Сен жетимге, кыйналганга адилет өкүм чыгарасың+, Топурактан жаралган ажалдуу адам экинчи эч кимди коркута албасын+. Башчыга. Дөөтүнүн ыры.

Шилтемелер