Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Забур 1:1—6

1  Ыймансыздардын кеңеши боюнча жүрбөгөн+, Күнөөкөрлөрдүн жолуна түшпөгөн+, Шылдыңчылдар менен отурбаган+ киши бактылуу+.  Ал Жахабанын мыйзамынан ырахат алат+, Анын мыйзамын күнү-түнү ой жүгүртүп* окуйт+.  Ал суу агымдарынын жээгине отургузулуп+, Өз маалында жемиш берген+, Жалбырагы соолубаган дарактай болот+. Эмне иш кылбасын, ийгиликке жетет+.  Ыймансыздар болсо андай эмес. Алар шамал учуруп кете турган топондой+.  Ошондуктан сотто туруштук бере алышпайт+, Күнөөкөрлөр адил адамдардын жыйынында болбойт+.  Анткени Жахаба адил адамдардын жолун билет+, Ал эми ыймансыздардын жолу ойрон болот+.

Шилтемелер

Же: «бир аз үн чыгарып».