Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жунус 2:1—10

2  Балыктын ичинен Жунус Жахаба Кудайынан тиленип+,  мындай деди: «Кыйналганымда Жахабага кайрылдым+ — ал мага жооп берди+. Көрдүн* ичинен жардам сурадым+. Сен үнүмдү уктуң+.  Мени тереңдикке, деңиздин түбүнө ыргытканыңда+, Агымдарга курчалдым. Долуланган толкундарыңдын баары мени жаба каптады+.  Ошондо: „Мен сенин көз алдыңан куулдум!+ Ыйык ибадатканаңды кайрадан көрөр бекенмин?“ — дедим+.  Суулардын курчоосунан жаным коркунучка кабылды+. Мени суу туңгуюктары кучагына алды. Башыма балыр оролду.  Мен тоолордун түбүнө жеттим, Артыман жердин дарбазалары түбөлүккө жабылды. Бирок сен, оо, Жахаба Кудайым, ордон мени тирүү алып чыктың+.  Жаным кыйналганда+, жалгыз эстегеним Жахаба болду+. Ошондо тиленүүм сага, ыйык ибадатканаңа жетти+.  Жалгандыктын буркандарын аздектегендер мээримдүүлүктүн булагынан баш тартышат+.  Мен болсо сага ыраазычылыгымды айтып, курмандык чалам+. Берген убадамды аткарам+. Куткарылуу Жахабадан»+. 10  Көп өтпөй Жахаба балыкка буйрук берди. Балык Жунусту кургактыкка бүркүп чыгарды+.

Шилтемелер

Евр. шеол. Кара: 8-тирк.