Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жунус 1:1—17

1  Амитай уулу Жунуска+ Жахаба мындай деди:  «Тур, улуу шаар Нинебиге+ барып, анын кыянаттыгы мага жеткенин жарыяла»+.  Жунус турду да, Жахабадан Таршышка+ качып кетмекчи болду+. Жапага+ барып, Таршышка кете турган кемени издеп тапты. Анан акысын төлөп, кемеге түштү да, Жахабадан качып, кемедегилер менен Таршышка жөнөп кетти.  Бирок Жахаба деңизге катуу шамал жиберди+. Ошондо деңизде бороон-чапкын башталып+, кеме талкалана турган болду.  Кемечилер коркуп, ар кимиси өз кудайын+ чакыра баштады. Алар кемени жеңилдетиш үчүн ичиндеги жүктү деңизге ыргытып киришти+. Жунус болсо кеменин ылдый жагына түштү да, жатып, катуу уктап калды+.  Бир маалда кеме башчысы келип, ага: «Сен эмне уктап жатасың? Тур, кудайыңа жалын!+ Балким, чыныгы Кудай ырайым кылса, аман калаттырбыз»,— деди+.  Алар өз ара: «Жүргүлө, өкчөмө таш ыргытып+, кимдин айынан ушундай кырсыкка кабылганыбызды билели»+,— деп сүйлөшүштү да, өкчөмө таш ыргытышты. Өкчөмө таш Жунуска түштү+.  Ошондо алар Жунустан: «Айтчы, мындай кырсыкка кабылганыбызга ким күнөөлүү?+ Сен өзүң эмне иш кыласың, каякка баратасың? Кайсы өлкөдөнсүң, кайсы элденсиң?» — деп сурашты.  Жунус аларга: «Мен евреймин+. Деңиз менен кургактыкты жараткан+ асман Кудайы Жахабадан+ корком»+,— деп жооп берди. 10  Өзү айтып бергендиктен, алар анын Жахабадан качып баратканын билишкен. Ошондуктан катуу коркуп, андан: «Эмне кылдың эле?»+ — деп сурай башташты. 11  Деңиз ого бетер буркан-шаркан түшүп, толкун күчөй бергендиктен, алар акыры: «Деңиз тынчышы үчүн сени эмне кылышыбыз керек?» — деп сурашты+. 12  Ал: «Мени деңизге ыргытып жибергиле, ошондо толкун басылат. Анткени бороон-чапкындын менин айыман болуп жатканын билем»+,— деп жооп берди. 13  Тиги кишилер болсо толкундарга карабай жээкке жетүүгө аракет кылышты. Бирок, деңиз алай-дүлөй түшө бергендиктен+, жете алышкан жок. 14  Ошондо алар Жахабага кайрылып+: «Оо, Жахаба, суранабыз, ушул кишинин айынан өлүп калбасак экен! Бизди айыпсыз канга забын кыла көрбө!+ Анткени, Жахаба, мунун баары өз эркиңе ылайык болуп жатат»+,— деп жалына башташты. 15  Анан Жунусту деңизге ыргытып жиберишти. Ошондон кийин деңиз тынчый баштады+. 16  Муну көргөндө алар Жахабадан абдан коркуп калышты+. Ошондуктан Жахабага курмандык чалып+, ант беришти+. 17  Жахаба болсо чоң балыкка Жунусту жутуп алууну буйрук кылды+. Жунус балыктын ичинде үч күн, үч түн болду+.

Шилтемелер