Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жоел 3:1—21

3  «Мына, ошол күндөрү+, Жүйүт менен Иерусалимдин туткунда жүргөн тургундарын кайрып келген убакта+  мен бардык элдерди чогултуп+, Жошапат өрөөнүнө+ алып келем да, алар менен өз элим үчүн, мурасым Ысрайыл үчүн соттошом+. Себеби алар элимди башка элдердин арасына чачыратып жиберишкен, жеримди бөлүп алышкан+.  Элим үчүн өкчөмө таш ыргытышкан+, сойку аял үчүн эркек бала беришкен+, кыз сатып, шарап алып ичишкен.  Тир, Сидон+ жана Пелиштинин+ бардык аймактары, силер мага ушундай мамиле кылууга кантип даай алдыңар? Кылган жакшылыгыма ушундай жооп кайтарасыңарбы? Анда мен да силерге мамилеңерге жараша тез арада, дароо тиешеңерди берем+.  Менин алтын-күмүшүмдү алып+, кымбат баалуу буюмдарымды ибадатканаларыңарга алып кеткениңер үчүн+,  ал эми Жүйүт жана Иерусалим уулдарын мекенинен алыстатыш үчүн+ грек уулдарына+ сатып жибергениңер үчүн+,  мен аларга силер сатып жиберген жерден кайтып келүүгө түрткү берип+, кылган мамилеңерге жараша тиешеңерди берем+.  Уул-кыздарыңарды Жүйүт уулдарына сатып жиберем, алардын колуна салып берем+, алар болсо шебалыктарга+ — алыс жактагы элге+ — сатышат, анткени муну Жахаба айтты.  Элдер арасында мындай деп жар салгыла+: „Согушка даярдангыла!* Күчтүүлөрдү ойготкула!+ Бери келишсин! Жоокерлердин баары келсин!+ 10  Соконун тишинен кылыч, багбандын бычагынан+ найза жасашсын. Алсыз киши: “Мен күчтүүмүн!” — десин+. 11  Тегеректеги бардык элдер+, келгиле, бири-бириңерге жардам бергиле, чогулгула“»+. Жахаба, ошол жерге күчтүүлөрүңдү алып бар+. 12  «Элдер ордунан туруп, Жошапат өрөөнүнө чыгышсын+. Себеби мен тегеректеги бардык элдерди соттош үчүн ошол жакта отурам+. 13  Орок салгыла+, анткени түшүм бышып калды+. Баргыла, түшкүлө, анткени жүзүм сыккыч толуп чыкты+. Шарап куюлган идиштер толду, анткени алардын кыянат иштери көбөйүп кетти+. 14  Сот өрөөнүнө көп эл, калың эл чогулду+, ал жерге Жахабанын сот күнү жакындап калды+. 15  Күн менен ай күңүрттөнөт, жылдыздардын жарыгы өчөт+. 16  Жахаба Сиондон арстандай арылдайт, анын үнү Иерусалимден угулат+. Асман менен жер солкулдайт+, бирок Жахаба өз эли үчүн баш маана+, Ысрайыл уулдары үчүн чеп болот+. 17  Ошондо силер менин Сиондо, ыйык тоомдо+, жашаган Жахаба Кудайыңар экенимди билесиңер+. Иерусалим болсо ыйык жерге айланат+, ал аркылуу чоочундар өтпөйт+. 18  Ошол күнү мындай болот: тоолордон жаңы шарап тамат+, адырлардан сүт, Жүйүттүн сайларынан суу агат+. Жахабанын үйүнөн булак агып чыгып, Шитим* өзөнүн сугарат+. 19  Жүйүт уулдарына көрсөткөн зомбулугу үчүн Мисир ээн талаага+, Эдом эрме чөлгө айланат+. Анткени алар Жүйүт уулдарынын жеринде жазыксыз кан төгүшкөн+. 20  Жүйүт болсо кылымдан кылымга, Иерусалим муундан муунга+ элдүү болот+. 21  Мен алардын жазыксыз деп эсептебеген канын жазыксыз деп эсептеп калам+. Ошондо Жахаба Сиондо жашайт»+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Cогушту ыйыктагыла».
Мааниси: «акация дарактары».